Жарыяланган: 18 November 2025
СУНУШТАРДЫ ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 28-ноябры, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00 чейин.
Урматтуу айымдар жана мырзалар,
«Кумтөр Голд Компани» ЖАКы (Буйрутмачы) укуктуу берүүчүлөрдү «Кумтөр Голд Компани» ЖАКсынын кызматкерлерин тамак-аш азыктарын жеткирүү боюнча чектелбеген эки этаптуу конкурска катышууга жана Техникалык Тапшырмага ылайык төмөнкү лот конкурстук табыштамаларын берүүгө чакырат:
Сиздин сунуштар документтер, тиркемелер, жана баа сунуштары менен бирге, коммерциялык сунуштарга жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга толук укугу бар адам (адамдар) тарабынан кол коюлушу керек жана мөөр менен бекитилип, документтерди PDF форматында берилиши керек.
Адамдын документтерге кол коюуга ыйгарым укугу ишеним кат же анын ыйгарым укугун тастыктаган документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен тастыкталышы керек.
Тандап алуу конкурска катышууну каалагандардын баары Чакырууга №1, №2, №3, №4 тиркемелерине ылайык формаларды толтуруушу керек, документтердин керектүү көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук почтага жөнөтүүшү керек.
Катышуучулар өздөрүн табыштамаларын электрондук почта аркылуу бир же бир нече кат түрүндө жөнөтүшөт, алардын өлчөмү 25 мб ашпашы керек.
Биринчи топтомдун темасы «[Компаниянын аталышы] боюнча квалификациялык жана техникалык сунуштар» болушу керек; экинчи топтому үчүн «[Компаниянын аталышы] баа сунушу» produkty2025@kumtor.kg –деген дарекке жөнөтүлүшү керек
Конкурстук табыштаманы берүү тартиби
Катышуучулар документтерди эки өзүнчө топтомо түрүндө тапшырышат, эки топтом бир убакытта тапшырылышы керек:
1. Биринчи этап – квалификациялык жана техникалык сунуштарды баалоо
1.1. Квалификациялык жана техникалык баалоо төмөндөгүлөрдү камтыйт:
1.2. Биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча экинчи этапка кабыл алынган катышуучулардын тизмеси түзүлөт.
1.3. Экинчи этапка киргизилбеген катышуучулар:
1.4. Буйрутмачы өз каалоосу боюнча сыртка чыгып текшерүү жүргүзө алат.
2.1. Экинчи этапка биринчи этаптан ийгиликтүү өткөн катышуучулар гана катышууга уруксат берилет.
2.2. Катышуучунун баа сунушу Чакырууга №4 тиркемесиндеги формага ылайык так түрдө толтурулат.
2.3. Баа/сапат боюнча эң мыкты шарттарды сунуштаган, ошондой эле Чакырууга №2 тиркемесиндеги Техникалык Тапшырма шарттарына ылайык конкурска табыштаманы берген Катышуучу жеңүүчү болуп саналат.
2.4. Артыкчылык, ар бир Лот боюнча суроо-талапта позициялардын максималдуу саны үчүн бааны сунуштаган Катышуучуга берилет.
2.5. Конкурстун Катышуучу тарабынан көрсөтүлгөн продукциянын наркы бардык чыгашаларды, анын ичинде салыктарды, алымдарды, жыйымдарды, буйрутманын кампасына жеткирүүнү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган башка төлөмдөрдү, ошондой эле кызмат көрсөтүү мөөнөтүн эске алуу менен келишимдик милдеттенмелерди аткаруу үчүн Келишимде көрсөтүлгөн тейлөө мөөнөтүн эске алуу менен башка чыгымдарды камтууга тийиш.
Келишимди аткарууга кепилдик камсыздоонун өлчөмү жана формасы (мындан ары КАКК деп аталат)
Кепилдик декларация түрүндө тапшырышы керек.
Сиздин сунуштарды берүү үчүн акыркы мөөнөт: 2025-жылдын 28-ноябры, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00.
Бул Чакырууга байланыштуу суроолор пайда болгон учурда, Катышуучу түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн Erik.Jumabaev@kumtor.kg электрондук дареги боюнча Буйрутмачыга кайрылса болот, бирок конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин 3 жумушчу күндөн кечиктирбеши керек. Түшүндүрмөлөр кайрылган Берүүчүгө суроо-талап алынган электрондук почта аркылуу табыштама алынган учурдан тартып үч календардык күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт.
Зарыл болгон учурда, Буйрутмачы конкурстук сунуштарды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин каалаган учурда, бирок кандай болбосун 3 (үч) жумушчу күндөн кечиктирбестен, толуктоолорду берүү жолу менен ушул Чакырууга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
Буйрутмачы, эгерде ушул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилген болсо, конкурстук сунуштарды берүүнүн акыркы күнүн кийинки күнгө жылдыра алат, бул тууралуу Буйрутмачы тиешелүү маалыматты ушул конкурс жөнүндө жарыя жайгаштырылган https://www.kumtor.kg/ru/ Буйрутмачынын расмий веб-сайтында жайгаштыруу аркылуу билдирет.
Буйрутмачы тиешелүү Катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, Келишим түзүлгөнгө чейин каалаган учурда ар кандай сунушту кабыл алууга же четке кагууга же ошондой эле конкурс жараянын жокко чыгарууга укуктуу.
Скачать документы можно ниже:
Приложение №1 (ДЕКЛАРАЦИЯ ГАРАНТИРУЮЩАЯ КОНКУРСНУЮ ЗАЯВКУ)
Приложение №2 (КОНКУРСНАЯ ЗАЯВКА_ПРЕДЛОЖЕНИЕ)
Приложение №3 (ДЕКЛАРАЦИЯ ДОБРОСОВЕСТНОСТИ И АНТИКОРРУПЦИОННАЯ ОГОВОРКА)
Приложение №4 (ЦЕНОВОЕ ПРЕДЛОЖЕНИЕ)
Приложение №5 (Проект рамочного договора)
Спецификация №1 к рамочному Договору