МЕДИЦИНАЛЫК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

МЕДИЦИНАЛЫК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 06 November 2025

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 20.11.2025, 16:00го чейин.


“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын Медициналык бөлүмүнө эки жылдык такшалма программасынан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • «Медико-профилактикалык иш» багыты боюнча медициналык билим;
  • Компьютерди ишенимдүү колдонуу, Microsoft Office, Google Docs, Zoom программаларын билүү;
  • Жеке сапаттар: демилгелүүлүк, тырышчаактык жана командада иштөөнү каалоо, тактык жана тартиптүүлүк;
  • Медициналык көз караштан алганда бийик тоолуу шарттарда иштөөгө ден-соолугу ылайыктуу болуу;
  • Тартиптүүлүк, командада иштей билүү.

Милдеттер:

  • Өндүрүштүк санитария жана эмгек гигиенасы тармагында мамлекеттик көзөмөлдү жана санитардык байкоону жүргүзүү;
  • Тамактануу жайларында жана жашоо үчүн арналган имараттарда санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышын уюштуруу жана көзөмөлдөө;
  • Эпидемиологиялык көзөмөлдү жүргүзүү жана жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди ишке ашыруу;
  • Эпидемияга каршы иш-чараларды иштеп чыгуу жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө (анын ичинде эмдөө, дезинфекциялоо жана изоляциялоо иштери);
  • Персоналдын саламаттыгын медициналык көзөмөлдөө иштерине катышуу;
  • Санитардык-эпидемиологиялык ишмердүүлүк боюнча тиешелүү документтерди жүргүзүү жана отчеттуулукту камсыз кылуу.

Такшалманын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалманын узактыгы – 2 жыл
  • Такшалманын орду – Кумтөр кени
  • Такшалманын графиги – 14/14

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2024-жылдын 20-ноябрында 16.00дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.