Жарыяланган: 21 October 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 28-октябры, Бишкек убактысы боюнча саат 15:00 чейин.
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК сиздерди товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу иш-чараларын жүргүзүү кызматын” көрсөтүү боюнча (сервис-контракт негизинде) эки пакеттүү, катышууга чектелбеген конкурска катышууга чакырат.
Тапшыруу форматы: | Катышуучунун атынан арыз жана башка документтер келишимге кол коюу укугу бар адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтер PDF форматында жөнөтүлүшү зарыл. |
Тапшыруу тартиби: | Конкурс катышуучулары арызды орус тилинде, конкурстун талаптарына ылайык даярдап, керектүү документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук түрдө төмөнкү дарекке жөнөтүшү керек: procurement@kumtor.kg 2025-жылдын 28-октябры, саат 15:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча). Техникалык тапшырмалар конкурс документтерине тиркелген. |
Маанилүү!!! | Каттын (сунуштун) көлөмү 25 МБдан ашпашы керек. Эгерде тиркемелердин көлөмү 25 МБдан ашса, анда конкурстук арызды бөлүп жөнөтүү керек. Мисалы:
1. «Сунуш (катышуучунун аты)» 1-бөлүк 2. «Сунуш (катышуучунун аты)» 2-бөлүк ж.б. Булут сактагычтар аркылуу документ жөнөтүү сунушталбайт. Баалоо эки этапта жүргүзүлөт: 1. Катышуучунун квалификациялык маалыматтарын баалоо 2. Квалификациядан өткөн катышуучулар менен маектешүү |
Арыз төмөнкү документтерди камтууга тийиш: | Ак ниеттүүлүк жана антикоррупциялык декларациясы |
Конкурс документтерине тиркелген формаларды толтуруу | |
Катышуучунун резюмеси | |
Баалоо критерийлери: | Тандоодан өткөн деп, бардык талаптарга жооп берген жана суралып жаткан документтердин толук пакетин тапшырган сунуш таанылат. |
Сунуш темасы: «Сервис-контракт» деген тема менен сунушту procurement@kumtor.kg электрондук дарегине 2025-жылдын 28-октябрына чейин 15:00га чейин (Бишкек убактысы менен) жөнөтүңүз. | |
Заказчы каалаган сунушту кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле тандоо процессин каалаган убакта токтотууга укуктуу. | |
Конкурстук сунуш расмий бланкка түзүлүшү керек. | |
Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин тапшырылган конкурстук сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт. Өз сунушуңузду тапшыруу менен, Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга ынактарын билдирет. Ар бир тандап алууга катышуучу бир эле конкурстук сунушун бере алат. Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 60 календардык күн болушу керек. Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтүндө ага өзгөртүү киргизүүгө жол берилбейт. | |
Бул конкурска байланыштуу бардык суроолор altynai.sargaldakova@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүлсүн. | |
Тандоо шарттарын түшүндүрүү боюнча сурамдар, сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнөн 3 күн калганга чейин жөнөтүлсүн. |
Тиркемелер:
1. Ак ниеттүүлүк жана антикоррупциялык декларациясы
2. Конкурстук өтүнүчтү кепилдендирүүчү декларация
3. Сунуш формасы
4. Техникалык тапшырмалар (4 даана):
– Техникалык тапшырма №1
– Техникалык тапшырма №2
– Техникалык тапшырма №3
– Техникалык тапшырма №4