2023-ЖЫЛЫ ТАЗА КИРЕШЕ 302,4 МИЛЛИОН ДОЛЛАРДЫ ТҮЗҮП, КОЮЛГАН ПЛАНДАН 108,4 МЛН ДОЛЛАРГА КӨП БОЛДУ

2023-ЖЫЛЫ ТАЗА КИРЕШЕ 302,4 МИЛЛИОН ДОЛЛАРДЫ ТҮЗҮП, КОЮЛГАН ПЛАНДАН 108,4 МЛН ДОЛЛАРГА КӨП БОЛДУ

Жарыяланган: 26 February 2024

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому 2023-жылга карата өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. Ишкананын 2023-жылы өндүрүштүк ишмердүүлүктөн түшкөн жалпы кирешеси пландагы 734,2 миллион доллардын ордуна 849,0 миллион долларды түзгөн. 2023-жылы 13 тонна 577 кг алтын реализацияланды.

Өндүрүштү модернизациялоо жана чыгымдарды кыскартуунун натыйжасында, ишкананын жыл ичиндеги таза кирешеси пландагы 194,0 млн доллардын ордуна 302,4 млн долларды түздү. Республикалык бюджетке салык жана башка төлөмдөр түрүндө 17 миллиард 241 миллион 71 миң сом которулду.

«Кумтөр Голд Компанинин» капиталдык салымдарынын өлчөмү 2022-жылы 186,1 миллион доллар болсо, 2023-жылы 111,5 миллион долларды түздү. Өткөн жылы Токмок шаарында дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү жана калыбына келтирүү заводу тесттик режимде ишке киргизилип, 17 тоннадан ашык алтындын запасы бар Тоголок алтын кенин өздөштүрүү жумуштары башталды.

Капиталдык салымдардын эсебинен Кумтөр кен жайындагы Алтын ылгоочу фабрикага заманбап эки тик тегирмен жана кошумча эритүүчү жаңы чандар орнотулду. Муну менен жылына 7 миңден 12 миң унцияга чейин кошумча алтын өндүрүүгө шарт түзүлдү. Ошондой эле 2023-жылы Кумтөр кен жайына 93 даана ар кандай атайын техникалар сатылып алынган.

Иш процессин оптималдаштыруу жана жабдууларды жаңылоо аркылуу өткөн жылы тоо-кен иштерин жүргүзүүдө 30 миллион доллардан ашык каражат үнөмдөлгөн.

Мындан сырткары, 2023-жылы «Кумтөр Голд Компани» тарабынан «Ысык-Көл облусун өнүктүрүү» фондуна 8 млн 389 миң АКШ доллары, Нарын облусун өнүктүрүү боюнча «Теңир-Тоо» фондуна 5 миллион 33 миң АКШ доллары, Аймактарды өнүктүрүү боюнча өнөктөштүк фондуна 1 миллион 597 миң АКШ доллары, Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 1 млн 542 миң АКШ доллары которулган.