ӨНДҮРҮШТҮК ЭСЕП ЖАНА ФИНАНСЫЛЫК ОТЧЕТТУУЛУК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ӨНДҮРҮШТҮК ЭСЕП ЖАНА ФИНАНСЫЛЫК ОТЧЕТТУУЛУК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 19 March 2024

ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Өндүрүштүк эсеп жана финансылык отчеттуулук бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Экономикалык жогорку билим;
  • Microsoft Office колдонуу боюнча негизги билим;
  • Коммуникабелдүүлүк жана командада иштей билүү;
  • Финансы бөлүмүндө иштөөдө жаңы билим жана тажрыйба алууга умтулуу.

Милдеттери:

  • Ай сайынкы проводкаларды жана мезгилдин чыгымдарын жапкандан кийин отчетторду ирээтөө;
  • Активдештирилген жана жабылган долбоорлорду ирээттөө;
  • Ар бир капиталдык долбоор боюнча баштапкы документтерди чогултуу жана ирээттөө;
  • Мурунку жылдардагы документтерди архивдештирүү боюнча жардам көрсөтүү (жарыялоо, отчет, долбоорлор, эсептен чыгаруу);
  • Текшерүүчү жана башка түзүмдөр үчүн баштапкы документтерди даярдоо;
  • Долбоорду активдештирүү, жабуу жана активдерди эсептен чыгаруу процессине катышуу;
  • Запастарды жана негизги каражаттарды инвентаризациялоого катышуу;
  • Бөлүмдүн кызматкерлерине күнүмдүк тапшырмаларды аткарууга жардам берүү.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кеңсе
  • Такшалма графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн:   

  • 2024-жылдын 2-апрели, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.