ЖАК “Кумтөр Голд Компани” (КГК) ишканасынын ар кандай бөлүмдөрүнүн 19 жаш адистери Казакстан Республикасына “Mining Week Kazakhstan” эл-аралык тоо-кен-металлургиялык комплексинин жана кендерди сарамжалдуу пайдалануу жаатында технологиялар жана жабдуулар көргөзмөсүнө катышуу үчүн учуп кетишти. Иш-чара 2021-жылдын 22-24 июнунда Караганда шаарында өтөт.
КГКнын убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк жолдомо сөз айтып, компания жаш адистердин билим алуусун жана жөндөм топтоосун, өздөрүн көрсөтүп жана карьераларын жогорулатуусу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет, ал эми жаш адистердин кесиптик компетенциясын өнүктүрүү, өндүрүштүк маселелердин заманбап чечимдерине алардын мотивациясын арттыруу, инновациялык изилдөө жана долбоордук иш-аракеттерге аларды тартуу үчүн ушундай эл аралык деңгээлдеги иш-чараларга катышуу бул милдеттүү жана зарыл инструменттердин бири деп белгиледи.
“Буга чейин ар кандай конференцияларга негизинен компаниянын жетекчилери барып келишчи. Бирок, бизге жаңы идеяларды жаратканга, жаңы технологияларды иштеп чыкканга жана ишке киргизгенге, заманбап жабдуулар менен иштөөгө жөндөмдүү жаштар керек. Кызыккыла, жаңы идеяларды кабыл алганга ачык болгула, жаңы кишилер менен таанышкыла, өз идеяларыңарды сунуштагыла”, – деди Тенгиз Бөлтүрүк.
Иш сапардын жыйынтыгында катышуучулар компаниянын ар түрдүү өндүрүштүк-экономикалык маселелерин чечүү боюнча өз сунуштарын беришет, ал эми эң мыкты долбоорлор “Кумтөрдүн” объектилеринде киргизүүгө сунушталат.
Мындан ары, таланттуу жаштарды аныктоо жана демилгелөө максатында, жана ошондой эле дүйнөлүк тоо-кен өнөр-жайда колдонулган эң заманбап технологияларды изилдөө жана өндүрүшкө киргизүү максатында КГК өз адистерин илимий-техникалык конференцияларга жана көргөзмөлөргө активдүү жиберип турат.
__________________________________________________________
КГК өз ишинде ачыктык жана айкындуулук философиясын карманат. КГКнын ишкердиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына гана баш ийет. КГК төлөм кудурети бар компания жана өзүнүн социалдык милдеттерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бюджетинин, өзүнүн кызматкерлеринин жана бөдрөтчү уюмдарынын алдындагы милдеттенмелерин аткарып келет.