“Кумтөр Голд Компани” ЖАК Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин адистерин жолтандабас унаа менен камсыздады

Жарыяланган: 08 June 2021

Социалдык тармактарда тарап жаткан “Кумтөр Голд Компани” ЖАК Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинине унаа берди деген билдирүүнүн туура эмес чечмелөөсүнө жол бербөө үчүн, КГК төмөндөгүнү билдирет:

Автоунаа “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын балансында турат жана КР Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетине убактылуу пайдаланууга берилди жана Мамкомитеттин техникалык жабдуусунун жетишсиздиги менен адистердин жолу начар аймактарда жайгашкан мамкомитеттин объектилерине баруу зарылчылыгын эске алып бул унаа жалаң гана жумуш үчүн колдонулат. Жолтандабас автоунаа эксперт-экологдордун жана Мамкомитеттин башка адистеринин өлкө ичиндеги жетүүгө кыйын аймактарга баруу көйгөүн чечип берет.

Мындан тышкары, “Кумтөр Голд Компани” ЖАК Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин адистеринин “Кумтөр” кен ишканасына текшерүүлөрдү, экспертизаларды жүргүзүү, бузууларды жоюу боюнча сунуштарды берүү жана компаниянын ишмердүүлүгүнө тиешелүү башка иштерди аткаруу үчүн тоскоолсуз келүүсүнө максималдуу кызыкдар.

Предыдущая публикация"Кумтөр Голд Компани" ЖАКдун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтурук Кыргызстандын экологторун айлана-чөйрөнү коргоо күнү менен куттуктады Следующая публикация"Кумтөр Голд Компани" ЖАК (КГК) Америка Кошмо Штаттарындагы (АКШ) банкроттук жол-жобосунун демилгелениши боюнча тынчсыздануусун билдирет
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.