“Кумтөр Голд Компани” ЖАК Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин адистерин жолтандабас унаа менен камсыздады

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин адистерин жолтандабас унаа менен камсыздады

Жарыяланган: 08 June 2021

Социалдык тармактарда тарап жаткан “Кумтөр Голд Компани” ЖАК Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинине унаа берди деген билдирүүнүн туура эмес чечмелөөсүнө жол бербөө үчүн, КГК төмөндөгүнү билдирет:

Автоунаа “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын балансында турат жана КР Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетине убактылуу пайдаланууга берилди жана Мамкомитеттин техникалык жабдуусунун жетишсиздиги менен адистердин жолу начар аймактарда жайгашкан мамкомитеттин объектилерине баруу зарылчылыгын эске алып бул унаа жалаң гана жумуш үчүн колдонулат. Жолтандабас автоунаа эксперт-экологдордун жана Мамкомитеттин башка адистеринин өлкө ичиндеги жетүүгө кыйын аймактарга баруу көйгөүн чечип берет.

Мындан тышкары, “Кумтөр Голд Компани” ЖАК Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин адистеринин “Кумтөр” кен ишканасына текшерүүлөрдү, экспертизаларды жүргүзүү, бузууларды жоюу боюнча сунуштарды берүү жана компаниянын ишмердүүлүгүнө тиешелүү башка иштерди аткаруу үчүн тоскоолсуз келүүсүнө максималдуу кызыкдар.