Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Маалымат технологиялар дирекциясынын Өнүгүү башкармалыгынын “Отчеттулукту жана маалымат витриналарын иштеп чыгуу” тобунун башчысы (Бишкек кеңсеси)
Билдирүүнүн номери: KGC-22-006
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- МТ стратегияларына жана политикаларына ылайык жаңы технологияларды колдонуу менен отчеттулукту жана маалымат витриналарын иштеп чыгуу;
- Жаңы жана бар болгон МТ чечимдери үчүн отчеттулукту камсыздоо максатында Компаниянын долбоорлоруна катышуу;
- Отчеттуулукту жана маалымат витриналарын иштеп чыгуу боюнча стандарттарды жана эрежелерди макулдашууу жана иштеп чыгуу;
- МТ Системасынын отчеттулугунун МТ стандарттарына, маалыматтык коопсуздук стандарттарына дал келүүсүн көзөмөлдөө;
- Отчеттордун түзүлүшү жана берилиши боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- өзгөрүүлөрдү Компаниянын МТ Дирекциясынын отчетторуна, саясаттарына жана процедураларына (сhange management) дал келүүсүн көзөмөлдөө, анын ичинде иш жүзүнө ашырылган код менен технологияларды сыпаттоо боюнча документациясы да бар;
- “Отчеттулукту жана маалымат витриналарын иштеп чыгуу” тобунун бардык ишмердигин жетектөө жана ага жүктөлгөн тапшырмаларды аткаруу боюнча жеке жоопкерчиликти тартуу;
- Компаниянын бизнесс-процесстеринин ээлеринин талаптарына берилген отчеттордун жана маалымат витриналардын шайкештик даражасын талдоо;
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- Билими: Маалымат технологиялар/программалык камсыздоону долбоорлоо жана иштеп чыгуу/колдонмо математика жана информатика жаатында жогорку техникалык билим;
- Иш тажрыйбасы:
– маалымат системалары чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес (тоо-кен компанияларында иш тажрыйба артыкчылык болуп саналат);
– алдыңкы технологияларды колдонуу менен отчетторду жана маалымат витриналарын долбоорлоо жана иштеп чыгуу боюнча 3 жылдан кем эмес;
– МТ долбоорлорунда жана тапшырмаларында отчеттулук менен маалымат сактагыч боюнча Башкы иштеп чыгуучу кызматында – 3 жылдан кем эмес;
– маалыматты, ОС, СУБД, колдонмолорду миграциялоо боюнча тажрыйба;
– булуттук технологиялар (IaaS, PaaS, SaaS) менен иштөө тажрыйбасы;
– бизнес-системалардын иши (Финансы, Сатып алуулар, Кампа, Техтейлөө, Өндүрүш), тоо-кен ишмердиги, металлургия – артыкчылыкка ээ;
- Атайын көндүмдөрү жана билими:
– объектиге ылайык программалоонун негизги принциптери;
– отчетторду жана маалымат сактагычтарын иштеп чыгуу боюнча алдыңкы технологиялар жана системалар (OLAP, Datawarehouse, SSRS, Big data, Power Bi);
– реляциондук маалымат базалар структураларын, көп кырдуу МБ структуралары жана прнциптери;
– ETL процесси;
– маалыматтык технологиялар, программалык камсыздоону иштеп чыгуунун жана долбоорлорду башкаруунун жетилгендик деңгээли боюнча алдыңкы тажрыйбаларды, (COBIT, ITIL, CMMI, AGILE, PMBOK) стандарттарын бирин колдонуу;
– стандарттар, процесстер, иштеп чыгуу, тестирлөө инструменттери, процесстердин метрикаларын жана коддун сапатын аныктоо (CI /CD, DevOps техникалык практикалар, Open Stack), пландалган көрсөткүчтөрүнө жетишүү жана көзөмөлдөө;
– Java (Spring Boot), Golang тилдери жана JavaScript (React, Node.js), ANSI SQL, MS SQL фреймворктору;
– билимдери жана иш тажрыйбасы
– жогорку коммуникативдик көндүмдөргө ээ болуу.
- Тилдерди билүү:
– орус тилин – эркин билүү;
– кыргыз тилин билүү – кубатталат;
– англис тилин орто деңгээлден жогору (Upper Intermediate) же алдыңкы (Advanced) деңгээлде билүү.
Анкета жана резюмени 2022-жыл 27-январь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-006.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.