МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАР ДИРЕКЦИЯСЫНЫН ӨНҮГҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН “ОТЧЕТТУЛУКТУ ЖАНА МААЛЫМАТ ВИТРИНАЛАРЫН ИШТЕП ЧЫГУУ” ТОБУНУН БАШЧЫСЫ

Жарыяланган: 13 January 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Маалымат технологиялар дирекциясынын Өнүгүү башкармалыгынын “Отчеттулукту жана маалымат витриналарын иштеп чыгуу” тобунун башчысы (Бишкек кеңсеси)

Билдирүүнүн номери: KGC-22-006 

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ: 

  • МТ стратегияларына жана политикаларына ылайык жаңы технологияларды колдонуу менен отчеттулукту жана маалымат витриналарын иштеп чыгуу;
  • Жаңы жана бар болгон МТ чечимдери үчүн отчеттулукту камсыздоо максатында Компаниянын долбоорлоруна катышуу;
  • Отчеттуулукту жана маалымат витриналарын иштеп чыгуу боюнча стандарттарды жана эрежелерди макулдашууу жана иштеп чыгуу;
  • МТ Системасынын отчеттулугунун МТ стандарттарына, маалыматтык коопсуздук стандарттарына дал келүүсүн көзөмөлдөө;
  • Отчеттордун түзүлүшү жана берилиши боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
  • өзгөрүүлөрдү Компаниянын МТ Дирекциясынын отчетторуна, саясаттарына жана процедураларына (сhange management) дал келүүсүн көзөмөлдөө, анын ичинде иш жүзүнө ашырылган код менен технологияларды сыпаттоо боюнча документациясы да бар;
  • “Отчеттулукту жана маалымат витриналарын иштеп чыгуу” тобунун бардык ишмердигин жетектөө жана ага жүктөлгөн тапшырмаларды аткаруу боюнча жеке жоопкерчиликти тартуу;
  • Компаниянын бизнесс-процесстеринин ээлеринин талаптарына берилген отчеттордун жана маалымат витриналардын шайкештик даражасын талдоо;

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Билими: Маалымат технологиялар/программалык камсыздоону долбоорлоо жана иштеп чыгуу/колдонмо математика жана информатика жаатында жогорку техникалык билим;
  • Иш тажрыйбасы:

– маалымат системалары чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес (тоо-кен компанияларында иш тажрыйба артыкчылык болуп саналат);

– алдыңкы технологияларды колдонуу менен отчетторду жана маалымат витриналарын долбоорлоо жана иштеп чыгуу боюнча 3 жылдан кем эмес;

– МТ долбоорлорунда жана тапшырмаларында отчеттулук менен маалымат сактагыч боюнча Башкы иштеп чыгуучу кызматында – 3 жылдан кем эмес;

– маалыматты, ОС, СУБД, колдонмолорду миграциялоо боюнча тажрыйба;

– булуттук технологиялар (IaaS, PaaS, SaaS) менен иштөө тажрыйбасы;

– бизнес-системалардын иши (Финансы, Сатып алуулар, Кампа, Техтейлөө, Өндүрүш), тоо-кен ишмердиги, металлургия – артыкчылыкка ээ;

  • Атайын көндүмдөрү жана билими:

– объектиге ылайык программалоонун негизги принциптери;

– отчетторду жана маалымат сактагычтарын иштеп чыгуу боюнча алдыңкы технологиялар жана системалар (OLAP, Datawarehouse, SSRS, Big data, Power Bi);

– реляциондук маалымат базалар структураларын, көп кырдуу МБ структуралары жана прнциптери;

– ETL процесси;

– маалыматтык технологиялар,  программалык камсыздоону иштеп чыгуунун жана долбоорлорду башкаруунун жетилгендик деңгээли боюнча алдыңкы тажрыйбаларды, (COBIT, ITIL, CMMI, AGILE, PMBOK) стандарттарын бирин колдонуу;

– стандарттар, процесстер, иштеп чыгуу, тестирлөө инструменттери, процесстердин метрикаларын жана коддун сапатын аныктоо (CI /CD, DevOps техникалык практикалар, Open Stack), пландалган көрсөткүчтөрүнө жетишүү жана көзөмөлдөө;

– Java (Spring Boot), Golang тилдери жана JavaScript (React, Node.js), ANSI SQL, MS SQL фреймворктору;

– билимдери жана иш тажрыйбасы

– жогорку коммуникативдик көндүмдөргө ээ болуу.

  • Тилдерди билүү:

– орус тилин – эркин билүү;

– кыргыз тилин билүү – кубатталат;

– англис тилин орто деңгээлден жогору (Upper Intermediate) же алдыңкы (Advanced) деңгээлде билүү.

Анкета жана резюмени 2022-жыл 27-январь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-006.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.

Предыдущая публикацияМААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАР ДИРЕКЦИЯСЫНЫН ӨНҮГҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН "FRONT END ИШТЕП ЧЫГУУ" ТОБУНУН БАШЧЫСЫ Следующая публикацияМААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАР ДИРЕКЦИЯСЫНЫН ӨНҮГҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ДОЛБООРЛОРДУН УЛУК МЕНЕДЖЕРИ / УЛУК БИЗНЕС-АНАЛИТИГИ
© 2011-2022 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.