ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМАНЫН ШАРТТАРЫНА ЫЛАЙЫК КУМТӨР КЕНИНДЕ АВТОУНАА ТЕХНИКАСЫН ТЕЙЛӨӨ БОЮНЧА УБАКТЫЛУУ МАСТЕРСКАЯЛАРДЫН ДОЛБООРЛОО-СМЕТАЛЫК ДОКУМЕНТАЦИЯСЫН ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМАНЫН ШАРТТАРЫНА ЫЛАЙЫК КУМТӨР КЕНИНДЕ АВТОУНАА ТЕХНИКАСЫН ТЕЙЛӨӨ БОЮНЧА УБАКТЫЛУУ МАСТЕРСКАЯЛАРДЫН ДОЛБООРЛОО-СМЕТАЛЫК ДОКУМЕНТАЦИЯСЫН ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА

Жарыяланган: 22 May 2025

ТАБЫШТАМАНЫ ТАПШЫРУУГА ЭҢ АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 29-майында саат 11:00 чейин.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Техникалык Тапшырманын шарттарына ылайык Кумтөр кенинде автоунаа техникасын тейлөө боюнча Убактылуу мастерскаялардын долбоорлоо-сметалык документациясын иштеп чыгуу үчүн жабык тандап алууга катышууга чакырат.

Тапшыруу форматы:

Сунуштарга, анын ичинде документтерге, тиркемелерге жана баа сунуштарына, коммерциялык сунушка жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтерге мөөр басып, PDF форматында тапшыруу керек. Кол койгон адамдын ыйгарым укугу ишеним кат же тиешелүү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен тастыкталышы керек.

Сунуштарды тапшыруу тартиби

Тандоонун катышуучулары коммерциялык сунушту Техникалык Тапшырмаларга ылайык орус жана/же англис тилдеринде тапшыруусу керек, документтердин керектүү көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук түрдө psd_masterskaya@kumtor.kg электрондук дарегине 2025-жылдын 29-майында саат 11:00 чейин жөнөтүшү керек.

Техникалык Тапшырма кол коюлган купуялуулукту сактоо жөнүндө Макулдашуунун негизинде түзүлөт (макулдашуунун формасы тиркелет).

Коммерциялык сунуш төмөнкү документтерди камтышы керек:

  • Көрсөтүүлүчү кызматтардын сметалык документациясы/эсептөөлөр (чыгымдардын бөлүнүшү).
  • Кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнүн сүрөттөлүшү.
  • Төлөм шарттары.
  • Кызмат көрсөтүүлөрдүн графиги.
  • Сынактык өтүнүнмөгө кепилдик берген декларация.
  • Каттоо / уставдык документтер, лицензиялар, сертификаттар.
  • Буга чеийн аткарылган келишимдер боюнча сунуштар жана пикирлер.

Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн: 

Талап кылынуучу документтер:

1. Катышууга кызыкдар экендигин тастыктаган кат;

2. Компания жөнүндө төмөнкү документтерди жана маалыматтарды берүү:

  • Атайын бөлүктөрдү (смета, айлана-чөйрөнү коргоо) жана башка керектүү бөлүктөрдү иштеп чыгуу укугу менен курулушту долбоорлоо жана курулуш (өндүрүштүк объектилер) боюнча жоопкерчиликтин 2-даражадагы лицензиясынын болушу;
  • Өрткө каршы автоматика системасын долбоорлоого лицензиянын болушу;
  • Адистердин Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген шайкештиги тууралуу сертификаттары болуусу керек (эң кеминде: долбоордун башкы инженери, долбоорлоочу, инженер-эсептөөчү, инженер-сметачы, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча адис жана жумуштарды аткаруу үчүн зарыл болгон башка адистер),
  • Көлөмү жана максаты боюнча тандоо өткөрүлүп жаткан иштерге окшош иштерде кеминде эки долбоорду ишке ашыруу тажрыйбасы. Кеминде 5 жылдык тажрыйба.

3. Юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн сканерленген көчүрмөсү;

4. Негизги ишмердикти аныктоочу документтин (Уставдын) сканерленген көчүрмөсү, ошондой эле директор катары дайындоо жөнүндө чечимдин сканерленген көчүрмөсү;

5. 2022-2023-2024 жылдары финансылык отчеттун түп нускасынын сканерленген көчүрмөлөрү:

  • Бухгалтердик баланс;
  • Пайдалар жана чыгымдар жөнүндө отчет;
  • Акча агымдары жөнүндө отчет;
  • Капиталдын кыймылы жөнүндө отчет;
  • Бирдиктүү салык декларациясы.

6. Мамлекеттик органдарга акыркы отчеттук датага карата салык төлөмдөрү жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карызы жоктугу жөнүндө маалымдама.

“Кумтөр” кениндеги автоунаа техникасын тейлөө боюнча убактылуу мастерскаялар” темасын камтыган сунушту 2025-жылдын 29-майы саат 11:00гө чейин  psd_masterskaya@kumtor.kg электрондук почтасына жөнөтүү керек

Буйрутмачы кайсы бир бөлөк же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле катышуулардын алдында эч кандай милдеттенмелерди тартпастан, Келишим түзүлгөнгө чейин каалаган убакта тандоо процессин жокко чыгарууга укуктуу.

Тандоо катышуучусу тарабынан көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына бардык чыгашаларды, анын ичинде салыктарды, алымдарды, жыйымдарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынуучу башка төлөмдөрдү камтыйт, ошондой эле кызмат көрсөтүү мөөнөтүн эске алуу менен келишимдик милдеттенмелерди аткаруу үчүн Келишимде көрсөтүлгөн башка чыгымдар кирет.

Баалоо критерийлери: квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген жана эң төмөнкү бааны сунуштаган катышуучу жеңүүчү болуп саналат.

Коммерциялык сунуш расмий бланкта болуп, анда кызмат аткаруу мөөнөтү (графики), төлөө мөөнөтү көрсөтүлүшү жана сметалык документация/эсептөө (чыгымдардын бөлүштүрүлүшү) тиркелүүгө тийиш.

Кызмат көрсөтүүлөрдүн сметасын бөлүктөр жана төлөм шарттары менен кеңири маалымат камтып тапшырылышы керек.

Катышуучулар тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өзүнүн сунушун берүү менен, Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул болот.

Тандоонун ар бир катышуучусу бир гана сунуш бере алат.

Коммерциялык сунуштун колдонуу мөөнөтү 60 календардык күндөн кем эмес болушу керек.

Тандоого сунушту берүү мөөнөтү бүткөндөн кийин аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Тандоонун жеңүүчүсү келишимге кол койгонго чейин декларация түрүндө келишимдин аткарылышына кепилдик берүүгө милдеттүү. Алдын-ала төлөм жүргүзүлгөн учурда, жеңүүчү компания алдын-ала төлөмдүн суммасынан кем эмес банктык кепилдик берүүгө милдеттүү.

Тандоого байланыштуу бардык суроолорду электрондук почта аркылуу төмөнкү дарекке жөнөтүү керек gulnur.shirdakova@kumtor.kg

Тандоо шарттарын тактоо жөнүндө өтүнүчтөр сунуш берүү мөөнөтү аяктаганга чейин 5 календардык күн мурун жөнөтүлүшү керек.

Тандоо шарттары жана квалификациялык талаптар жөнүндө толук маалымат кулактандыруунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган техникалык тапшырма менен бирге тиркелген файлда берилет.

 

Документтерди көчүрүп алыңыз:

СОГЛАШЕНИЕ О КОНФИДЕНЦИАЛЬНОСТИ

СВЕДЕНИЯ О КВАЛИФИКАЦИИ

ВЕДОМОСТЬ ОБЪЕМОВ РАБОТ ПЕРЕЧЕНЬ УСЛУГ

ДЕКЛАРАЦИЯ ДОБРОСОВЕСТНОСТИ И АНТИКОРРУПЦИОННАЯ ОГОВОРКА

ДЕКЛАРАЦИЯ, ГАРАНТИРУЮЩАЯ КОНКУРСНУЮ ЗАЯВКУ

ТЕХНИЧЕСКОЕ ПРЕДЛОЖЕНИЕ

ФИНАНСОВОЕ ПРЕДЛОЖЕНИЕ

ДЕКЛАРАЦИЯ, ГАРАНТИРУЮЩАЯ ИСПОЛНЕНИЕ ДОГОВОРА