Жабык
“КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ” ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Долбоордук директор
Билдирүүнүн номери: KGC-22-129
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Долбоорду ишке ашыруунун бардык аспектилерин башкаруу;
- Айлык отчетторду өз убагында текшерүү жүргүзүү;
- Долбоордун максаттарына жана милдеттерине өз убагында жетишүү үчүн графиктерди жана пландарды иштеп чыгуу;
- Түздөн-түз башкаруу жана долбоордун бир бөлүгүн башкаруу үчүн жооптуу адамдарды дайындоо.
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- Инженердик тармакта жалпысынан 15-20 жылдык иш тажрыйбасы, анын ичинен кеминде 5 жыл долбоордун директору же программалык менеджер катары тажрыйбасы болуу;
- Жумушка байланыштуу деталдуу техникалык билими, долбоордун жалпы натыйжалуулугун жакшыртуу үчүн билимдерди чогултуу, топтоо жана колдонуу жөндөмүнө ээ болуу;
- Жетекчилик, кесиптештер, кардарлар, жеткирүүчүлөр, бөдрөтчүлөр жана кызыкдар тараптар менен мыкты баарлашуу көндүмдөрү;
- Зарыл болгон көндүмдөр:
– бизнес-планды түзүү, бюджеттин өлчөмүн аныктоо жана долбоорду ишке ашырууда зарыл болгон документтерди даярдоо;
– жеткирип берүүчүлөр жана бөдрөтчүлөр менен келишимдерди иштеп чыгуу;
– долбоорду түзүүнүн натыйжасында коюлган максаттарды жана милдеттерди аныктоо жана натыйжасын болжолдоо;
– иштерди аткаруу графигин түзүү жана аларды ишке ашыруу мөөнөттөрүн контролдоо;
– ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
– Пайдалуу кендерди ачык казып алуу жана выщелачивание аянттарындагы операциялар тууралуу билими болуу.
- Долбоорду башкаруу жаатында сертификациялоо (PMP);
- Орус, англис тилин билүү кубатталат;
Анкета жана резюмени 2022-жыл 20-апрель саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-129.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.