ДОЛБООРДУК ДИРЕКТОР

ДОЛБООРДУК ДИРЕКТОР

Жарыяланган: 13 April 2022

Жабык

“КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ” ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Долбоордук директор

Билдирүүнүн номери: KGC-22-129

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • Долбоорду ишке ашыруунун бардык аспектилерин башкаруу;
  • Айлык отчетторду өз убагында текшерүү жүргүзүү;
  • Долбоордун максаттарына жана милдеттерине өз убагында жетишүү үчүн графиктерди жана пландарды иштеп чыгуу;
  • Түздөн-түз башкаруу жана долбоордун бир бөлүгүн башкаруу үчүн жооптуу адамдарды дайындоо.

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Инженердик тармакта жалпысынан 15-20 жылдык иш тажрыйбасы, анын ичинен кеминде 5 жыл долбоордун директору же программалык менеджер катары тажрыйбасы болуу;
  • Жумушка байланыштуу деталдуу техникалык билими, долбоордун жалпы натыйжалуулугун жакшыртуу үчүн билимдерди чогултуу, топтоо жана колдонуу жөндөмүнө ээ болуу;
  • Жетекчилик, кесиптештер, кардарлар, жеткирүүчүлөр, бөдрөтчүлөр жана кызыкдар тараптар менен мыкты баарлашуу көндүмдөрү;
  • Зарыл болгон көндүмдөр:

– бизнес-планды түзүү, бюджеттин өлчөмүн аныктоо жана долбоорду ишке ашырууда зарыл болгон документтерди даярдоо;

– жеткирип берүүчүлөр жана бөдрөтчүлөр менен келишимдерди иштеп чыгуу;

– долбоорду түзүүнүн натыйжасында коюлган максаттарды жана милдеттерди аныктоо жана натыйжасын болжолдоо;

– иштерди аткаруу графигин түзүү жана аларды ишке ашыруу мөөнөттөрүн контролдоо;

– ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

– Пайдалуу кендерди ачык казып алуу жана выщелачивание  аянттарындагы операциялар тууралуу билими болуу.

  • Долбоорду башкаруу жаатында сертификациялоо (PMP);
  • Орус, англис тилин билүү кубатталат;

Анкета жана резюмени 2022-жыл 20-апрель саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-129.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.