Кызматкерлердин коопсуздугу

Кызматкерлердин коопсуздугу

Кызматкерлердин, ɵндүрүштүн коопсуздугу жана айлана-чɵйрɵнү коргоо – «Кумтɵр Голд Компанинин» башкы приоритеттери.
Ɵзүнүн башкы максаты – травматизмдин нɵлдүк кɵрсɵткүчүнɵ жетишүү үчүн Компания бардык ɵндүрүштүк объектилеринде эмгекти коргоо жана ɵнɵр жай коппсуздугу тармагындагы бузууларды таптакыр болтурбоо маданиятын ɵнүктүрүүдɵ. Биздин жана өнөктөш компаниялардын кызматкерлер коопсуздугун камсыздоочу жумушчу атмосфераны түзүүгɵ умтулуудабыз.

Биз коопсуз ɵндүрүш гана чыныгы ийгиликтүү болоруна бекем ишенебиз.

Кызматкерлер коопсуздугун камсыздоодо «Кумтɵр Голд Компани» Коопсуздуктун 6 алтын эрежесин так карманат.

1. Эч качан коопсуздук эрежелерин бузба

2. Аткарылуучу жумушка ылайыктуу гана ЖКК колдон

3. Иштеги тобокелдер же кооптуу абалдарды маалымда

4. Колдонууга уруксат алган гана шайман же жабдууларды колдон

5. Бузулбаган жабдыктарды колдонуп, сактагычтарды өчүрбө

6. Жумушка даяр бол

Биздин ишите негизги сапаттык кɵрсɵткүчтɵрү болуп тобокелдерди натыйжалуу башкаруу аркылуу ɵндүрүштүк травматизм деӊгээлин жана капилет кырсыктардын санын азайтуу, авариялардын болбошу жана жаратылыш ресурстарына сарамжал мамиле, жетекчилердин лидерликти кɵрсɵтүүсү менен кызматкерлердин маалымдуулугун жана окутулушун жогорулатуу саналат. Бул маселени чечүү үчүн «WORK SAFE – HOME SAFE» программасы ийгиликтүү киргизилген

«Work Safe – Home Safe» программасында карманган баалуулуктар:

Биздин келечек биримдикте, качан гана:

  • Ар бирибиз жалпы ишке ɵз салымыбызды кошкондо. Биз ар бир команданын мүчɵсүнүн пикирин урматтайбыз
  • Ар бирибиз коопсуз ɵндүрүштɵ иштегенге укугубуз болгондо. Биз ар бир кишинин коопсуздугу жɵнүндɵ кам кɵрɵбүз жана дайыма коопсуз жумуш ыкмаларын колдонууга үгүттɵйбүз
  • Ар бир жумушчу жалпы иш үчүн ɵзүнүн укугун жана милдетин түшүнгɵндɵ, жана ɵз оюн ачык билдиргенде
  • Дайыма ɵзгɵруп турган ɵндүрүштүк чɵйрɵдɵ иштеп жатып, биз бири бирибизди колдогондо.

Ак-ниеттүү ишкана катары, биз:

  • Айлана-чɵйрɵнү, жергиликтүү тургундарды, мыйзамдарды, маданиятты жана ишкердик жүргүзгɵн райондун коомун урматтайбыз
  • Ишканадагы саламаттыкты сактоо жана эмгекти коргоо же ɵндүрүштүк маселелерди чечүүгɵ жумушчулардын активдүү катышуусун камсыздайбыз
  • Жергиликтүү демилгелерди колдойбуз жана районго ишкананын ишмердиги тийгизген таасирди минималдаштыруу үчүн жергиликтүү тургундар менен бирге иш алып барабыз
  • Үзгүлтүксүз жакшыртуу жана ɵнүгүү боюнча маселелерди эркин жана ачык талкулоо үчүн шарт түзɵбүз
  • Кызматташкан уюмдун жумушчуларынын жана биздин ɵндүрүштүк объекттилердин конокторунун коопсуздугу үчүн жоопкерчилик алабыз

Максаттарга ийгиликтүү жетишүү үчүн, биз:

  • Коюлган максаттарга эффективдүү жетишүү жана туура чечимдерди ɵз алдынча кабыл алуу үчүн жумушчуларга укуктарды, милдеттерди жана жоопкерчиликти ыйгарабыз
  • Өндүрүштɵ коопсуз шарттар менен камсыздайбыз. Өндүрүштүк тапшырмаларды эмгекти жана айлана-чɵйрɵнү коргоо нормаларына ылайык аткарабыз
  • Мыкты натыйжаларга жана туруктуу ɵнүгүүгɵ умтулабыз
  • Идеяларды ишке ашырабыз – ишти аягына чыгарабыз
  • Айлана-чɵйрɵнү коргоо жана жаратылышты пайдалануу нормаларын жана талаптарын кынтыксыз сактайбыз

Үзгүлтүксүз жакшыртуу үчүн, биз:

  • Эч качан максаттарга жетишүү менен токтоп калбайбыз
  • Коопсуз жана динамикалуу ɵнүккɵн ɵндүрүштүк чɵйрɵнү түзүүгɵ активдүү катышабыз
  • Алдыңкы иш ыкмаларын колдонобуз жана ишканадагы эмгек шарттарын дайыма жакшыртып турабыз
  • Өндүрүштү ɵнуктүрүүгɵ мүмкүнчүлүк түзгɵн ɵзгɵрүүлɵрдү жакшы кабыл алабыз
  • Үзгүлтүксүз кесиптик ɵнүгүүгɵ жана билим алууга ɵбɵлгɵ жараткан шарттарды түзɵбүз

 

«Work Safe – Home Safe» программасынын алкагында Компания ар бир кызматкерге тɵмɵнкүгɵ укуктарды камсыздайт:

• Адилеттүү мамиле жана саясаттар, эрежелер менен процедуралардын милдеттүү аткарылуусуна;

• Аткарылуучу иштин жана анын мүмкүн болуучу тобокелдиктеринин маӊызын билүүгɵ жана түшүнүүгɵ;

• Пайдаланылуучу эмгек ыкмалары травмаларга алып келбей тургандыгына ишенимдүү болуу үчүн аткарылуучу ишке кесиптик даярдыкка;

• Эгерде кызматкер аны коопсуз эмес деп эсептесе, ишти аткаруудан баш тартууга.

“Кумтөр Голд Компани” өз жаатында коопсуздук боюнча лидер жана саламаттактык менен коопсуздук багыттарын улам жакшыртууну улантат, анткени ийгиликтүү деп коопсуз өндүрүш гана аталат.

Work Safe | Home Safe менен ар бир кызматкер:

• Коопсуздук боюнча лидер болуу укугун тааныйт;

• Иш ордунда биз жеткиликтүү кылган каражаттарды колдонуп, тобокелдерди аныктап, алдын алат ;

• Иштеги кырсыктын алдын алууда ар бирибиз жана жалпы баарыбыз жооптуу экенибизди түшүнөт.

Биз өндүрүштөгү кырсыктардын нөлдүк көрсөткүчүнө умтулуп, жалпы аракетте ар бир кызматкер, келишим боюнча иштеген же бизнес өнөктөш нөөмөтүнөн кийин үйгө аман-эсен кайтарын камсыздай алабыз.