2021-жылдын 11 айында Кумтөр кенинде тоо-кен иштеринин көлөмү 185,6 млн тоннаны түздү

Жарыяланган: 22 December 2021

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК (КГК) 2021-жыл ичиндеги ишинин  алгачкы натыйжаларын алдын ала жыйынтыктай баштады.

2021-жылдын 11 ай ичинде Кумтөр кениндеги тоо-кен иштеринин көлөмү 185,6 миллион тоннаны түздү, бул 2020-жылга салыштырмалуу эки эсе көп.

 

КГКга убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден баштап муз массаларын казуу 2020-жылга салыштырмалуу 60% кыскарган. Төмөндө 2012-2021-жылдар аралыгында Кумтөр кенинде муз казып алуунун көлөмүнүн графиги келтирилген.

Кендеги бардык тоо-кен иштери коопсуздук эрежелерин сактоо менен жүргүзүлөт. Бош топурак отвалдарында тоо-кен иштеринин коопсуздугун жогорулатуу максатында, Борбордук жана Кичи-Сарытөр өрөөндөрүндө жайгашкан отвалдарын үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү үчүн кошумча эки радарларды сатып алуу чечими кабыл алынган.

Дүйнөлүк практикага ылайык өндүрүштүк-финансылык ишмердиктин жыйынтыктары жөнүндө толук жана жаңыланган маалымат 2022-жылдын башында пресс-релизде жарыяланат.

КГКнын убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк 2021-жылдын алдын ала жыйынтыктары боюнча мындай деп билдирди: “Тышкы башкарууга өтүүдө болгон бардык кыйынчылыктарга жана Центерра жараткан тоскоолдуктарга карабастан, КГКнын эмгек жамааты коюлган тапшырмаларды аткара алды. Кумтөр кени туруктуу, үзгүлтүксүз, штаттык режимде иштеп жатат. Бардык салыктар жана милдеттүү төлөмдөр бюджетке өз убагында жана толугу менен төлөнүүдө”.

Предыдущая публикацияКумтөр балдар үчүн эл аралык шахмат турниринин генералдык демөөрчүсү болду Следующая публикация«Кумтөр» компаниясы  Ысык-Көл облусунда жашаган жумушчуларын 5, 10, 15, 20 жана 25 жылдык мааракеси менен куттуктады
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.