2021-жылдын 11 айында Кумтөр кенинде тоо-кен иштеринин көлөмү 185,6 млн тоннаны түздү

2021-жылдын 11 айында Кумтөр кенинде тоо-кен иштеринин көлөмү 185,6 млн тоннаны түздү

Жарыяланган: 22 December 2021

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК (КГК) 2021-жыл ичиндеги ишинин  алгачкы натыйжаларын алдын ала жыйынтыктай баштады.

2021-жылдын 11 ай ичинде Кумтөр кениндеги тоо-кен иштеринин көлөмү 185,6 миллион тоннаны түздү, бул 2020-жылга салыштырмалуу эки эсе көп.

 

КГКга убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден баштап муз массаларын казуу 2020-жылга салыштырмалуу 60% кыскарган. Төмөндө 2012-2021-жылдар аралыгында Кумтөр кенинде муз казып алуунун көлөмүнүн графиги келтирилген.

Кендеги бардык тоо-кен иштери коопсуздук эрежелерин сактоо менен жүргүзүлөт. Бош топурак отвалдарында тоо-кен иштеринин коопсуздугун жогорулатуу максатында, Борбордук жана Кичи-Сарытөр өрөөндөрүндө жайгашкан отвалдарын үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү үчүн кошумча эки радарларды сатып алуу чечими кабыл алынган.

Дүйнөлүк практикага ылайык өндүрүштүк-финансылык ишмердиктин жыйынтыктары жөнүндө толук жана жаңыланган маалымат 2022-жылдын башында пресс-релизде жарыяланат.