Өткөн дем алышта «Кумтөр» кызматкерлери эки мекемеде ишембилик өткөрүштү

Өткөн дем алышта «Кумтөр» кызматкерлери эки мекемеде ишембилик өткөрүштү

Жарыяланган: 25 April 2017

22-23-апрелде «Кумтөр Голд Компани» кызматкерлери Бишкектеги Биринчи балдар хосписи жана Беловодскидеги Психоневрологиялык борбордо ишмебилик өткөрүштү. Кумтөрчүлөр көчөт тигип, гүл отургузушту, скамейкалар, беседкалар жана балдар аянтчаларын сырдашып, эки мекеменин короолорун жыйнашты. Иш-чаралар «Кумтөр Элчилери» корпоративдик ыктыярчылык программасын жүзөгө ашыруунун алкагында өттү.

Компаниянын кызматкерлери Биринчи балдар хосписиндеги бөбөктөр менен кызматкерлерине эң биринчилерден болуп жардам бере баштаган. 2014-жылдан тартып бир катар кумтөрчүлөр мекемени колдоп, эмчи айымдардын маянасы менен тиричилик керектөөлөргө ай сайын акча бөлүп турушат. «Помогать легко» фонду жана хоспис менен алака тарыхында кумтөрчүлөр 250 миң сомдон ашуун каражат берип, мекемени бөбөктөр үчүн жайлуу болуусуна зарыл буюмдарды тапшырган.

«Биринчи балдар хосписи кайдыгер эмес адамдардын көмөгү менен гана иштөөдө. Келген каражатты медикаменттерге жумшап, балдары бизге келген үй-бүлөлөргө жардам беребиз. Биз «Кумтөрдүн» кызматкерлерине короону көрктөндүрүүгө арнаган убактысы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Көбүнесе бакчабызды кароого убакыт да, кол да жетишпей калат», – деп, Биринчи балдар хосписинин аткаруучу директору Ольга Труханова баса белгиледи.

Беловодскидеги Психоневрологиялык борбор өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн мекемелердин Кыргыз Республикасындагы эң ириси. Борбордо 4-18 жаш курагындагы 238 бала турат. Бардык балдар туруктуу кароо жана дарылоого муктаж. Бир ай бою компаниянын кызматкерлер акча каражат чогултушту. Беловодскидеги Психоневрологиялык борбордун муктаждыктары жеке гигиена каражаттары, москиттерден коргоочу тор, тиричилик техника жана килем төшөөсү болгон. Андан сырткары, мекеменин короосу жыйналып, ирээтке келтирилди жана ойноочу аянттагы оюъектилер сырдалды.

«Балдар менен өткөргөн убактыбызга абдан кубанычтабыз – алар колдоого жана баарлашууга ар дайым муктаж. Биздин кызматкерлер жардам колун сунуп, дем алыш күнү персоналдын ишин жеңилдетүүгө кубанычта. Борборго колдон келишинче жардам берүүнү улантабыз», – деп, нормативдик базаны сактоо бөлүмүнүн администратору Гүлбара Жумагулова белгиледи.