Кумтɵрчүлɵр Кыргызстан Тоо-кенчилери жана металлургдары спартакиадасында кайрадан биринчи жалпы командалык орунду ээлешти

Кумтɵрчүлɵр Кыргызстан Тоо-кенчилери жана металлургдары спартакиадасында кайрадан биринчи жалпы командалык орунду ээлешти

Жарыяланган: 25 September 2017

2017-жылдын 14-17-сентябрында Ысык-Кɵл облусунун Боcтери айылындагы «Кыргызское взморье» санаториясынын спорттук базасында Кыргызстан Тоо-кен металлургия тармактык профсоюз кызматкерлеринин IV спартакиадасы болуп ɵттү. «Кумтɵр Голд Компани командасы, ɵткɵн жылдагыдай эле, мелдеште кайрадан биринчи жалпы командалык орунду ээлегенин билдирүү биз үчүн кубанычтуу.
Мелдештердин жыйынтыгында «Кумтɵр Голд Компани» командасы 10 медаль алды. Жалпысынан Спартакиадага Кыргызстандын тоо-кен өндүрүш тармагындагы түркүн уюмдары жана ишканалар ɵкүлдɵрүнөн 25 команда катышты.
Спорттук мелдештер тармактын эмгек жамааттарында ден соолукту чыӊдоочу, массалык дене тарбия иштерин жайылтуу жана ɵркүндɵтүү максатында мини-футбол, волейбол (эркектер, аялдар), аркан тартыш, гиря спорту, стол тенниси (эркектер, аялдар), сууда сүзүү (эркектер, аялдар), шахмат (эркектер, аялдар), 100 метрге чуркоо (эркектер, аялдар), бильярд, тогуз коргоол жана стритбол (эркектер, аялдар) сыяктуу он бир түр боюнча ɵткɵрүлдү. Жеӊүүчүлɵр жана байге ээлери кубок, медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Ошондой эле сулуулуктун жана чыгармачылыктын «Мисс тоо-кенчи – 2017» сынагына катышкан «Кумтɵр» кен ишканасынын турак жай лагеринин тейлɵɵ бɵлүмүнүн кызматкери Миргүл Акматованы да белгилейбиз. Сынактын жыйынтыгында ага «Кɵрүүчүлɵр арзуусу» наамы ыйгарылып, баалуу белектер тапшырылды.

Биз «Кумтɵр Голд Компани» командасын жана кызматкерлерин татыктуу жеӊиши менен куттуктайбыз!