“Кумтөр” компаниясы кыш айларында Ысык-Көл облсунун калкына жардам берүүдө

Жарыяланган: 06 February 2015

“Кумтөр” компаниясы Жети-Өгүз менен Тоң райондорунун калкына жылыга кыш айларынада жардам көрсөтүүнүн алкагында жүк ташыган жыйырма машине отун таратты.

Тоң районунун Кажы-Сай, Тоң, Күн-Чыгыш, Төрт-Күл, Көл-Төр айылдарынын тургундары эки машинеден отун алышты. Жети-Өгүз району боюнча отунду социалдык объектилер арасында бөлүштүрүлдү. Он эки машине отун Барскоон, Тамга, Кызыл-Суу, Саруу айылдарындагы бала-бакчаларга, Конкино айылындагы фельдшердик-акушердик пунктуна, мүмкүнулүгү чектелген балдар менен иштеген бейөкмөт уюмдарга, аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн мончого жана Барскоон айылынын мектебине таратылды.

Отун жеткирип берүү ушу жумада аяктады. Муктаж үй-бүлөлөр менен социалдык объектилерге жардам көрсөтүү жергиликтүү бийлик менен алдын-ала макулдашылган. Компания от жагуу сезону соңуна чыккыча дагы кошумча отун таратууну пландап жатат.

Предыдущая публикацияБорбор Азиядагы Америка университетинен (БААУ) студенттердин тобу “Кумтɵр” кен ишканасында болушту Следующая публикация“Кумтɵр” кен ишканасындагы алтын ылгоочу фабрика пландуу ири ремонт иштерин жүргүзүү үчүн ишин убактылуу токтото турат
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.