“Кумтөр” компаниясы кыш айларында Ысык-Көл облсунун калкына жардам берүүдө

“Кумтөр” компаниясы кыш айларында Ысык-Көл облсунун калкына жардам берүүдө

Жарыяланган: 06 February 2015

“Кумтөр” компаниясы Жети-Өгүз менен Тоң райондорунун калкына жылыга кыш айларынада жардам көрсөтүүнүн алкагында жүк ташыган жыйырма машине отун таратты.

Тоң районунун Кажы-Сай, Тоң, Күн-Чыгыш, Төрт-Күл, Көл-Төр айылдарынын тургундары эки машинеден отун алышты. Жети-Өгүз району боюнча отунду социалдык объектилер арасында бөлүштүрүлдү. Он эки машине отун Барскоон, Тамга, Кызыл-Суу, Саруу айылдарындагы бала-бакчаларга, Конкино айылындагы фельдшердик-акушердик пунктуна, мүмкүнулүгү чектелген балдар менен иштеген бейөкмөт уюмдарга, аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн мончого жана Барскоон айылынын мектебине таратылды.

Отун жеткирип берүү ушу жумада аяктады. Муктаж үй-бүлөлөр менен социалдык объектилерге жардам көрсөтүү жергиликтүү бийлик менен алдын-ала макулдашылган. Компания от жагуу сезону соңуна чыккыча дагы кошумча отун таратууну пландап жатат.