«Бөбөк, сен жашайсың!» кайрымдуулук акциясы

«Бөбөк, сен жашайсың!» кайрымдуулук акциясы

Жарыяланган: 06 February 2019

Үстүбүздөгү жылдын 4-февралында «Кумтөр Голд Компанин» кызматкерлери Ракка каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата уюштурулган «Бөбөк, сен жашайсың!» кайрымдуулук акциясын өткөрүштү.

Эл аралык ракка каршы союз (International Union Against Cancer, UICC) тарабынан уюштурулуучу ар жылдык иш чаранын максаты бул глобалдуу көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн буруп, онкологиялык дарттын канчалык коркунучтуу жана жайылганын маалымдоо.

Улуттук онкологиялык борбордун балдар онкогематологиясынын башчысы Гүлнара Жунушалиева «Винкристин» препаратын алууга жардам сурап «Кумтөр Голд Компаниге» кайрылган. «Кумтөрдүн» кызматкерлери өз ара жамаат ичинде акча чогултуу уюштуруп, бул маанилүү препараттын 270 ампуласын сатып алууга жетиштүү каражат топтошту.

Доктор Жунушалиева эмне үчүн айрым препараттарды кошумча сатып алууга туура келгендигин түшүндүрүп берди: «Бул препаратты биз Жогорку технологиялар фондунан сурап алуу үчүн тизмеге киргизе албайбыз, себеби талап боюнча ага андан кымбат дарылар кирет. Адатта аны бизге Онкология борбору сатып берет, бирок, Жаңы жылдын алдында бизде каржылоодо көйгөй келип чыкты. Биз Кумтөрдүн ар бир кызматкерине боорукердиги жана жардамы үчүн абдан ыраазыбыз. Бул сандагы дары бизге эки айга жетет. Сиздердин бүт жамаатыңыздарга саламаттык каалайбыз!»

Акциянын алкагында кумтөрчүлөр Борбордун кичинекей бейтаптарына «Раритет» басмаканасынын китептерин белек кылышты. Эске салсак, кыргыз жана орус тилдериндеги көркөм балдар энциклопедиялары менен жомоктор да «Кумтөр» компаниясынын финансылык колдоосу менен басылган. «Бөбөк, сен жашайсың!» акциясын колдогон КГКнын ар бир кызматкерине чын жүрөктөн ыраазычылык.