“Кумтөр” ишканасынын алтын ылгоо фабрикасы жылдык пландык ремонтко байланыштуу убактылуу токтотулат

“Кумтөр” ишканасынын алтын ылгоо фабрикасы жылдык пландык ремонтко байланыштуу убактылуу токтотулат

Жарыяланган: 22 July 2021

2021-жылдын 23-июлунан 30-июлуна чейин “Кумтөр” ишканасынын алтын ылгоо фабрикасы жыл сайын пландык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн убактылуу токтотулат.

Алтын ылгоо фабриканын менеджери Нурдин Усенов үч тегирмендин ички сегменттеринде футеровкалар алмаштырылат деп билдирди. Ошондой эле, ширетүү жана башка оңдоо иштери жүргүзүлөт.

“Жалпысынан, зарыл болгон оңдоп-түзөө жана тетиктерди алмаштыруу иштерин жүргүзөбүз. Эгерде, бардык пландалган иштер белгиленген мөөнөттөн эрте аяктаса, анда фабрика 29-июлдан тартып иштей баштайт”, – деди Нурдин Усенов.

Фабрикада оңдоо иштери жүрүп жатканда, кенде тоо жумуштары кадимки тартипте улана берет.

_____________________________________

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК (КГК) өз ишинде ачыктык жана айкындуулук философиясын сактап келет. КГКнын ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына гана баш ийет.