«Кумтөр» Ысык-Көл облусундагы «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясын колдоду

«Кумтөр» Ысык-Көл облусундагы «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясын колдоду

Жарыяланган: 29 April 2022

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (КГК) Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жарыялаган тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында 12-мартта башталган «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясына жигердүү катышууда. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда КГК кызматкерлери Мукаш Абдраев атындагы Республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернатынын, «Алтын түйүн» республикалык инженердик-техникалык балдар академиясынын жана Беловодск балдардын психоневрологиялык социалдык мекемесинин аймагында бак-дарактарды отургузууга жардам беришти.

Ысык-Көл облусунда аталган экологиялык акция Каракол шаарында башталды, КГКнын демөөрчүлүгү менен ар кандай көчөттөр сатылып алынып, отургузулду. Саамалыкка «Кумтөрдүн» кызматкерлеринен тышкары Каракол шаарынын мэриясынын кызматкерлери, “Дестинация Каракол” коммерциялык эмес уюмунун мүчөлөрү жана А. К.Тыныстанов атындагы мамлекеттик университеттин студенттери катышты.

Жети-Өгүз районунун Барскоон капчыгайында жашылдандыруу иштери улантылып, «Кумтөр» кенине баруучу технологиялык жолдун 14-чакырымына 150 түп мажүрүм тал көчөттөрү жана 150 түп Тянь-Шань карагайы отургузулду. Акцияга КГКнын «Учкун» кеңсесинин бардык стажёрлору, компаниянын туруктуу өнүгүү, кадрлар жана экология бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты. Ошондой эле жаныбарлардан коргоо үчүн жыгач паллеттерден жасалган тосмо орнотулду. Технологиялык жолдун боюна бак-дарактарды отургузуу оор жүк ташуучу унаалардын чаңынын таасирин азайтуу чараларынын бири болгонун белгилей кетсек.  Технологиялык трассадагы чаңды басуу иштери менен алектенген «Рус-Гранд» ЖЧК бөдрөттүк уюму бак-дарактарды үзгүлтүксүз сугарып, кам көрүү милдетин алды.