«Кумтөр Оперейтинг Компани» алтын ылгоочу фабриканын иши кайра улантылганы жөнүндө билдирет

«Кумтөр Оперейтинг Компани» алтын ылгоочу фабриканын иши кайра улантылганы жөнүндө билдирет

Жарыяланган: 18 September 2012

«Кумтөр Оперейтинг Компани» алтын ылгоочу фабриканын иши кайра улантылганы жөнүндө билдирет2012-жылдын 18-сентябырындан баштап “Кумтөр” кен ишканасында алтын ылгоочу фабриканын иши кайра улантылды. 2012-жылдын мартында өзгөртүлгөн тоо-кен иштеринин планына ылайык, руданы кайра иштетүү ушул жылдын 23-июлунда складдагы запастар иштетилип бүткөндөн кийин убактылуу токтотулуп коюлган. Токтотулуп турган мезгилде алтын ылгоочу фабриканын бардык участокторунда пландуу жана кошумча ремонттук-профилактикалык иштер жүргүзүлдү.

Азыркы учурда компания тоо-кен иштеринин өзгөртүлгөн планында каралгандай, ачык карьердин түштүк-батыш участогунда руданы казып алууда. Компания быйылкы жылдын төртүнчү кварталында 260 – 270 миң унция же 8,1 – 8,4 тонна баалуу металл өндүрүлө тургандыгын болжолдойт. Планды аткаруу графикти сактоого жана иште кандайдыр-бир үзгүлтүктөрдүн, анын ичинде эмгек талаштары, жарандык толкундоолор, жаратылыш кубулуштары, административдик же саясий маселелер боюнча талаш-тартыштар, өкмөттүн аракеттери, техниканын катардАн чыгуусу же башка операциялык тобокелчиликтер менен байланышкан үзгүлтүктөрдүн болбоосуна байланыштуу болмокчу.