Ысык-Көл областынын «Жаштар банктары» социалдык долбоорлорду ийгиликтүү жүзөгө ашырууну улантышууда

Ысык-Көл областынын «Жаштар банктары» социалдык долбоорлорду ийгиликтүү жүзөгө ашырууну улантышууда

Жарыяланган: 14 April 2014

Ысык-Көл областынын «Жаштар банктары» социалдык долбоорлорду ийгиликтүү жүзөгө ашырууну улантышууда Ысык-Көл областында «Ысык-Көл областынын жаштар банктары» программасынын алкактарында социалдык долбоорлорду жүзөгө ашыруу улантылууда. Бул долбоорлор «Кумтөр» компаниясынын финансылык колдоосу менен Борбор Азиядагы Евразия фонду (БАЕФ) тарабынан жүзөгө ашырылууда.

«Жаштар банктары» – бул өз жамаатынын турмушуна активдүү катышып жатышкан ыктыярдуулардын демилгелүү топтору. Мурда мындай топтор 6 калктуу пункта: Балыкчыда, Караколдо, Бөкөнбаевде, Тамгада, Кызыл-Сууда жана Түптө түзүлгөн. Алар башка жаштардан билдирмелерди алышат жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлордун кызыктууларын колдошот.

Биринчи турдун алкактарында 30дан ашуун социалдык долбоор ийгиликтүү жүзөгө ашырылган. Болжол менен ушунча эле сунуш экинчи этапта да колдоого алынган. «Эми долбоорлор масштабдуу болуп калды, себеби, биринчи этаптын ийгиликтүү тажрыйбасын эске алуу менен долбоордук билдирменин жол берилүүчү бюджети 1000ден 2500 АКШ долларына чейин көбөйтүлдү. Демек, демилгелүү жаштар өз жамааттарын өнүктүрүүгө дагы көп салым кошо алышат», – деп белгиледи БАЕФтин долбоорлор боюнча менеджери Шавкат Абдужабаров.

Жактырылган сунуштардын катарында жаштардын спорт командаларын, айылдык китепканаларды колдоо боюнча долбоорлор бар. Компьютердик кызматтарга жана интернетке жетүү боюнча борборлор түзүлгөн. Кулинария жана чет тилдер, чач тарач жана тигүү чеберчилиги курстарын ачуу боюнча бир нече долбоор да колдоого алынган.

Азыркы учурда кичи гранттар конкурсунун үчүнчү этабынын жүрүшүндө келип түшкөн билдирмелерди кароо жүрүүдө.