«Жаштар банктары» Ысык-Көл областын өнүктүрүүдө

«Жаштар банктары» Ысык-Көл областын өнүктүрүүдө

Жарыяланган: 28 January 2014

«Жаштар банктары» Ысык-Көл областын өнүктүрүүдө2014-жылдын 24-26-январында “Ысык-Көл Аврора” санаторийинде “Кумтөр” компаниясынын финансылык колдоосу менен Борбор Азиянын Евразия фонду (БАЕФ) тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан “Ысык-Көл областынын жаштар банктары” долбоорунун конференциясы болуп өттү.
Региондун алты калктуу пунктунда – Караколдо, Балыкчыда, Бөкөнбаевде, Тамгада, Түптө жана Кызыл-Сууда уюштурулган “Жаштар банктарынын” өкүлдөрү иштин биринчи жылынын жыйынтыктарын чыгаруу жана 2013-жылы жүзөгө ашырылган долбоорлорду тааныштыруу, ошондой эле өздөрүнүн аракеттеринин андан-аркы стратегиясын талкуулоо үчүн чогулушту.

Өткөн жыл “Жаштар банктары” долбоорунун ийгиликтүүлүгүнүн жана натыйжалуулугун көрсөткөн, ал өздөрүнүн идеяларын жүзөгө ашыруунун уникалдуу мүмкүнчүлүгүн алышкан көлдүк жаштардын өздөрүнө да, ошондой эле жер-жерлердеги социалдык кырдаалды жакшыртууга өбөлгө түзүү менен областтын жашоочуларына да пайда алып келүүдө.

2013-жылы, “Жаштар банктары” долбоорун жүзөгө ашыруунну биринчи этабында, калктуу пункттардын инфраструктураларын өнүктүрүүгө, сергек жашоо образын жана спортту пропагандалоого, ошондой эле экологиялык ой жүгүртүүнү кубаттоого багытталган 40тан ашуун ар кандай социалдык билдирмелер жактырылган. Алардын ар биринин наркы 1000 доллардан ашпаганы менен арыктар системасын калыбына келтирүү, пандустарды куруу, калктуу пункттарды таштандылардан тазалоо, жаштарды керектүү кесиптерге окутуу сыяктуу жана башка көптөгөн практикалык маселелер жүзөгө ашырылды. Ушундан улам областтын жашоочуларынын “Жаштар банктарынын” ишине кызыгуусу жогорулады.

Быйыл региондун жаштарынын бул багыттагы иши улантылмакчы. Ошол эле учурда жаштар сунуштаган долбоордук демилегелерди жүзөгө ашыруу наркы 2 500 долларга чейин жогоруламакчы. “Жаштар банктарынын” мүчөлөрү тандоонун татаал милдети аркылуу кичи гранттарды берүү боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн өздөрүнө жоопкерчиликти алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Себеби, “Жаштар банктары” – бул акчалардын банкы эмес, а идеялардын банкы. Долбоордон улам жаштар уникалдуу билимдерди жана тажрыйбаны алышат, жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү боюнча демилгелерди иштеп чыгууга жана башкарууга тартылышат, ал аягында келип жалпы региондун туруктуу өнүгүшүн алдыга жылдырууга өбөлгө түзөт.

Маалымат үчүн: «Ысык-Көл областынын жаштар банктары» долбоору 2013-жылы башталган жана эки жылга эсептелген. “Кумтөр” компаниясы 300 миӊдей доллар бөлгөн. Долбоорду иш жүзүнө ашыруу менен Борбор Азиянын Евразия фонду (БАЕФ) алектенет. “Жаштар банктары” жаштардын социалдык муктаждыктарын чечүү жана жарандык активдүүлүк жана жеке жоопкерчилик сыяктуу баалууулуктарды алдыга жылдыруу максатында түзүлөт. “Жаштар банктарынын” мүчөлөрү жергиликтүү керектөөлөрдү баалашат, башка жаш адамдардан билдирмелерди карашат, приоритеттүү долбоорлорду тандап алышат жана финансылашат. Ар бир “Жаштар банкы” 8-10 ыктыярдуулардан туруп, кичи гранттарды берүү боюнча жергиликтүү комитет катарында аракеттенет. Кокурска катышууга жана билдирме берүүгө 14-25 жаш курактагы, жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү боюнча идеячлары бар бардык жаштар чакырылат. Демилгелер, мисалы, инфраструктураны калыбына келтирүү, окутуу жана жаӊы иш орундарын түзүү, ошондой эле маданий, спорттук жана башка жарыя иш чараларды камтышы мүмкүн.