«Кумтөр» компаниясынын колдоосу менен Барскоон айылынын жашоочулары ичүүчү таза суу менен камсыз болушту

«Кумтөр» компаниясынын колдоосу менен Барскоон айылынын жашоочулары ичүүчү таза суу менен камсыз болушту

Жарыяланган: 10 May 2016

2016-жылдын 1-майында Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында жергиликтүү тургундарды ичүүчү суу менен камсыздаган жаңы инфраструктуранын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана «Кумтөр Голд Компанинин» жетекчилиги катышты.

Компаниянын көмөгү менен айылдын 10 миңден ашуун жашоочусу ичүүчү суу менен камсыз болду. Компания тарабынан кошулган салым 7,3 миллиондон ашык сомду түздү. Ал эми жергиликтүү коомчулуктун салымы 2 млн сомдой болуп, ал каражатка күзөт жана кеңсе имараттары салынып, аймак курчалган, тазалоочу курулмаларды оңдолуп, суу топтогучтар тазаланып, суу алгыч тургузулган. «Кумтөр» компаниясы суу түтүктөрүн сатып берип, узундугу 3,9 чакырымды түзгөн жана 1,8 метр тереңдиктеги тилкеге аларды орнотуу боюнча жер иштерин аткарып берди.

«Биздин айылда ичүүчү сууга жетүү көйгөйү курч эле. Бизге «Кумтөр» колун сунганга чейин долбоор көп жылдар бою ишке ашпай келген. Бизде ушундай ишенимдүү өнөгүбүз бар үчүн бардык жашоочулардын атынан компанияга ыраазычылык билдирем»-дейт, айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Эшмамбетов.

«Барскоон элинин суранычын канааттандыруу чечимин аймактык комитететтин мүчөлөрү кабыл алышкан. Ичүүчү суу менен камсыздоо объектилерин калыбына келтирүүнү кубануу менен колдодук. Долбоорду ишке ашырууга айылдын ар бир тургуну катышып, биргелишип кыска мөөнөттө бүтүрүү кубанычтуу болду. Барскоондуктар коомчулуктун биримдигинин жана ынтымагынын мыкты үлгүсүн көрсөтүштү»-деп, белгиледи тобокелдерди башкаруу, нормативдик негизди сактоо жана туруктуу өнүктүрүү боюнча вице-президент Родни Ступарик.