«Кумтөр» компаниясынын көмөгү менен Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында таштанды ылгоочу комплекс иштеп баштайт

«Кумтөр» компаниясынын көмөгү менен Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында таштанды ылгоочу комплекс иштеп баштайт

Жарыяланган: 03 December 2020

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында шаардык таштанды жайда иш аянтчасын даярдоо жана таштанды ылгоо боюнча жабдууларды чогултуу иштери жүрүүдө. Бул долбоор 2019-жылы Балыкчы шаарынын мэриясы тарабынан демилгеленип, «Кумтор Голд Компани» ЖАК Аймактык комитети тарабынан жактырылган. Россиядан алынып келүүчү таштанды ылгоочу жабдууларды сатып алууга «Кумтөр» компаниясы 4,9 млн сом бөлүп берди. Долбоорду ишке ашыруучу болуп Балыкчы шаарынын мэриясынын “Көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо” муниципалдык ишканасы эсептелет.

Долбоордун максаты Балыкчы шаарынын шаардык таштанды жайындагы таштандыларды ылгоо өндүрүшүн уюштуруу жана андан ары экинчи сырьего кайра иштетүү болуп эсептелет. Ошондой эле долбоордун алкагында шаардын жашоочулары пластик буюмдардан шаарды тазалоого өздөрү түздөн-түз  жардам берүүгө өбөлгө боло тургандай кылып Балыкчы шаарындагы коомдук жайларда пластик буюмдарды чогултуучу урна орнотулган.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар жабылып, таштанды ылгоочу жабдуулар жайында гана алынды. Азыркы учурда Балыкчы муниципалдык ишканасы тарабынан комплексти орнотуу үчүн платформаны даярдоо боюнча иш-чаралар уюштурулган, электр берүү линиялары өткөрүлүп, электр менен жабдуу үчүн кабель тартыды, ошондой эле ангар дагы курулду.

Долбоорду ишке ашыруу региондун санитардык жагдайын жана экологиялык коопсуздугун жакшыртып, региондогу таштандыны өнөр жай кайра иштетүүсү боюнча иреттелген өндүрүштүк инфраструктураны түзүүгө көмөк көрсөтөт. 40 000ден ашык жашоочусу бар Балыкчы шаарындагы долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу бүтүндөй өлкө үчүн уникалдуу, пайдалуу жана көрсөткүчтүү тажрыйба болуп калмакчы, анткени бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча таштанды жайлары таштандыны ылгоо боюнча тиешелүү жабдуулар менен камсыздалган эмес.