Караколдо макулатура кеңсе буюмдарына алмаштырылды

Караколдо макулатура кеңсе буюмдарына алмаштырылды

Жарыяланган: 07 August 2014

Каракол шаарында “Макулатураны кеңсе буюмдарына алмаштыруу” акциясы өттү. Ал тууралуу уюштуруучулардын бири Ибраим Алмазбеков билдирди.
Караколдук активист Нуркыз Догтурбекова демилге кылган иш чара Пушкин атындагы шаардык паркта жүрдү. Бардык макулатура алып келгендерге ичинде блокнот, калем жана «I love Karakol» деген жазуусу бар футболка менен эко-баштык бар топтом тапшырылды.
Акциянын жүрүшүндө 500кг макулатура – гезиттер, китептер, журналдар, дептерлер жана башка көптөгөн кагаз буюмдар чогултулду.
Уюштуруучулардын айтымында макулатуранын бир бөлүгүн сатып, кирешесине жуучу-тазалоочу каражат сатып алып балдар үйүнө тапшыруу ниети бар. Арасындагы китептерди шаардын окутуучу жайларына тапшырышмакчы. Адабий китептерди болсо китепканага беришет.
Аягында активистттер Пушкин атындагы паркты жыйнашты.
“Макулатураны кеңсе буюмдарына алмаштыруу” акциясы “Кумтөр” каржылаган Евразия Фондунун “Ысык-Көлдүн Жаштар Банкы” долбоорунун алкагында уюштурулган.