Кумтɵрдүн ыктыярчылары №1 гимназия интернаттын аймагында карагай отургузушту

Кумтɵрдүн ыктыярчылары №1 гимназия интернаттын аймагында карагай отургузушту

Жарыяланган: 04 April 2019

Тянь-Шань карагайларынан аллея Бишкектеги А.Каниметов атындагы №1 гимназия интернаттын аймагын кɵркүнɵ чыгармакчы. Кɵчɵттɵрдү «Кумтɵр Голд Компанинин» ыктыярчылары отургузушту.

23-мартта ɵткɵн ишембиликке Компаниянын жабдуу бɵлүмүнүн кызматкерлери катышышты.
Кумтɵрчүлɵрдүн демилгесин «Бишкек жашыл чарба» МИси колдоого алды. Бак отургузуу үчүн интернаттын имараттарынын биринин жанынан атайын территория бɵлүндү, а акциянын катышуучулары чогулткан каражатка кɵчɵттɵр сатып алынды. Карагайлар ɵскɵндɵн кийин алар жагымдуу микроклиматы түзмɵкчү.

Жалпысынан 28 Тянь-Шань карагайы отургузулду. Аларды Кант шаарында жайгашкан питомниктен алып келишкен. Аллеяны интернаттын тарбиялануучулары карап турушмакчы. Окуу жайынын администрациясы окуучулардын арасынан ар бир бакка жооптууну бекитти. «Биз окуучуларбызды жаратылышты, тазалыкты жана эмгекти сүйүүгɵ тарбияламакчыбыз. Балдар бактарды ɵздɵрү карашып, сугарып турушмакчы. Алар бул милдетке ɵтɵ олуттуу жана жоопкер мамиле жасашат», – деди гимназия интернаттын директору Нуркалы Байматов.

«Бүгүнкү акциябыз бардык шаардыктар тарабынан улантылат жана колдоого алынат жана ушундай жол менен шаардын абасынын сапатын жакшырта алабыз деп үмүттɵнɵбүз», – дешти акциянын катышуучулары.
А. Каниметов атындагы №1 гимназия интернат – борбордун эң эски окуу жайларынын бири. Ал 1956-жылы негизделген. Мында Кыргызстандын алыскы региондорунан дээрлик беш жүз таланттуу бала окуйт.