Тоң районунун Бөкөнбаев айылында “Кумтөр Оперейтинг Компани” менен кызматташуу боюнча регионалдык комитеттин жыйыны болуп өттү

Тоң районунун Бөкөнбаев айылында “Кумтөр Оперейтинг Компани” менен кызматташуу боюнча регионалдык комитеттин жыйыны болуп өттү

Жарыяланган: 29 June 2011

Тоң районунун Бөкөнбаев айылында “Кумтөр Оперейтинг Компани” менен кызматташуу боюнча регионалдык комитеттин жыйыны болуп өттү

2011-жылдын 29-июнунда Тоң районунун Бөкөнбаев айылында райондун жетекчилигинин жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен “Кумтөр Оперейтинг Компани” менен кызматташуу боюнча регионалдык комитеттин жыйыны болуп өттү. Анда “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” өкүлдөрү катарында регион менен байланыштар боюнча менеджер Керим Шатманов жана финансы жана эсеп бөлүмүнүн менеджери Рысбек Токтогул болушту.

Регионалдык комитеттин жыйынында алтын өндүрүүчү ишкананын колдоосу менен ачылып жаткан «Тоң Финанс» микрокредиттик агенттигинин ишинин уюштуруу маселелери талкууланды. Жаңы микрокредиттик мекеменин жетекчиси кызматына талапкерлер менен аңгемелешүү жүргүзүлдү, өткөрүлгөн конкурстун натыйжасында «Тоң Финанс» микрокредиттик агенттигинин директору тандалып алынды.

«Тоң Финанс» микрокредиттик агенттиги Тоң районунун калкынын финансы каражаттарына жетишүүсүнүн жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү максатында уюштурулган, бул өз кезегинде райондун экономикасын, жеке ишкердикти жана фермердик чарбаларды өнүктүрүүгө өбөлгө түзмөкчү.