ЗИНА АСАНКОЖОЕВА: КЫРГЫЗСТАНДА 2012-ЖЫЛЫ АЛТЫН-ВАЛЮТА ЗАПАСТАРЫН КӨБӨЙТҮҮ ПЛАНДАШТЫРЫЛУУДА

ЗИНА АСАНКОЖОЕВА: КЫРГЫЗСТАНДА 2012-ЖЫЛЫ АЛТЫН-ВАЛЮТА ЗАПАСТАРЫН КӨБӨЙТҮҮ ПЛАНДАШТЫРЫЛУУДА

Жарыяланган: 01 March 2012

ЗИНА АСАНКОЖОЕВА: КЫРГЫЗСТАНДА 2012-ЖЫЛЫ АЛТЫН-ВАЛЮТА ЗАПАСТАРЫН КӨБӨЙТҮҮ ПЛАНДАШТЫРЫЛУУДА
«Кыргызстандын алтын-валюта запастарында 2012-жылы алтындын санын көбөйтүү пландаштырылууда», – деп билдирди бүгүн парламенттин жыйынында КРнын Улуттук банкынын төрайымы Зина Асанкожоева.

Анын айтуусу боюнча, алтын республиканын алтын-валюта запастарынын 8 пайызын, 9 пайызын – АКК (атайын карыз каражаттары, Эл аралык валюта фонду тарабынан чыгарылуучу резервдик каражаттар – эскертүү «24kg» маалымат агенттигиники), калгандарын – валюталардын түрлөрү түзөт. «2012-жылы алтындын запастарын көбөйтүүнү каалайбыз. Биз аны «Кыргызалтындан» сатып ала баштадык. Азыр алтынды «Кумтөр» компаниясынан түз сатып алуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз, – деп айтты Зина Асанкожоева.

Толгонай ОСМОНГАЗИЕВА
«24.kg» МА, 29-февраль 2012-ж, Бишкек