Кыргызстанда «Premia.kg» улуттук интернет-сыйлыктын жеңүүчүлөрү сыйланышты

Кыргызстанда «Premia.kg» улуттук интернет-сыйлыктын жеңүүчүлөрү сыйланышты

Жарыяланган: 17 December 2012

Кыргызстанда «Premia.kg» улуттук интернет-сыйлыктын жеңүүчүлөрү сыйланышты Өткөн ишембиде, 15-декабрда, Бишкекте «Premia.kg» улуттук интернет-сыйлыктын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу салтанаттуу аземи болуп өттү.

Конкурска 215 ата мекендик веб-сайт катышты. Жалпысынан номинанттар үчүн 25 миңге жакын добуш берилген. Сыйлык тогуз номинацияда тапшырылды: «ММК жана коом», «Байланыш жана коммуникациялар», «Мамлекет жана ӨЭУлар», «Медицина жана саламаттык», «Бизнес жана коммерция», «Блогдордун сайттары», «Бош убакыт жана көңүл ачуу», «Жаштар жана билим берүү», «Спорт жана туризм». Номинациялардын ар биринде уюштуруучулар үчтөн ресурсту белгилешти. Жеңүүчүлөргө дипломдор жана сыйлыктын – «@» стилдештирилген символу түрүндөгү байге тапшырылды. «Кумтөр» компаниясы конкурстун жана бул иш чаранын өнөктөшү болду.