Кызыл-Суу балдар үйүндө ремонттолгон башталгыч мектептин ачылыш аземи болуп өттү

Кызыл-Суу балдар үйүндө ремонттолгон башталгыч мектептин ачылыш аземи болуп өттү

Жарыяланган: 19 October 2011

АКШнын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Памела Спратлен айым2011-жылдын 19-октябрында Чүй областынын Кызыл-Суу айылындагы чектелген мүмкүнчүлүктөрү бар жетим балдар жана ата-энесинин кароосуз калышкан балдардын атайын мектеп-интернаттын башталгыч класстарынын капиталдык ремонттон өткөрүлгөн имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Кызыл-Суу балдар үйүнүн баштапкы мектебинин ремонттолгон имаратынын салтанаттуу ачылыш аземине АКШнын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Памела Спратлен айым, «Хаятт Ридженси Бишкек» отелинин өкүлдөрү, «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» президенти Роберт Вандер, Чүй областынын Ысык-Ата районунун жетекчилиги катышышты.

2011-жылдын январында, «Хаятт Ридженси Бишкек» отели уюштурган кайрымдуулук иш чарасында, «Кумтөр Оперейтинг Компани» Кызыл-Суу балдар үйүн колдоого 10 миң АКШ долларын бөлгөн. Анда акциянын жыйынтыктары боюнча 40 миң АКШ доллары чогултулган, ал Кызыл-Суу балдар үйүнүн чатырынын ремонтуна жана биринчи зарылчылыктагы нерселерди сатып алууга жумшалган. Өз кезегинде АКШнын Өкмөтү АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин Өткөөл демилгелер программасы (USAID/OTI) аркылуу башталгыч мектептин имаратын толук жаңылоо долбооруна 156 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү грант бөлгөн. Долбоордун алкактарында имараттын дубалдарын, шыптарын, полдорун, терезелерин жана жана эшиктерин кошо алганда толук ремонт иштери жүргүзүлгөн, жылытуу жана электр системалары орнотулган, окуу класстары парталар, стулдар, текчелер жана жалпы бөлмөлөр үчүн дивандарды да кошо алганда жаңы эмерек менен жабдылган. Ошондой эле балдар мекемесинин жашыл бакчасында үч чоң маектешип отуруучу жайлар орнотулган, аларда балдар жана мугалимдер таза абада класстан тышкаркы иш чараларды өткөрө алышат.

Кызыл-Суу балдар үйүнүн башталгыч мектебинин имараты өткөн кылымдын 50-жылдары курулган жана алда качан капиталдык ремонтко муктаж болгон. Жүргүзүлгөн ремонт мектептин имаратын коопсуз жана балдар үчүн ыңгайлуу кылууга мүмкүндүк берди. Жалпысынан Кызыл-Суу мектеп-интернатында 130дай бала жашап жана окуп жатышат.

Мектептин ачылышында чыгып сүйлөгөн АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Памела Спратлен айым Кызыл-Суу балдар үйүнүн башталгыч мектебинин имаратын жаңылоо долбоору балдар үчүн шарттарды жакшыртуу жана жагымдуу шарттарды түзүү максатында жеке жана мамлекеттик секторлордун, жергиликтүү жана эл аралык өнөктөштөрдүн ийгиликтүү өнөктөштүгүнүн айкын мисалы болуп саналарын белгиледи. «Мага бул долбоорго тартылган бардык тараптарга кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирүүгө жана балдар үйүнүн жамаатына жана анын тарбиялануучуларына келечекте бардык жакшы нерселерди каалоого уруксат этиңиздер», – деп айтты Памела Спратлен айым.