Үй жаныбарларын бордоо жана алардын илдеттерин алдын алуу боюнча тренинг

Үй жаныбарларын бордоо жана алардын илдеттерин алдын алуу боюнча тренинг

Жарыяланган: 18 February 2012

Үй жаныбарларын бордоо жана алардын илдеттерин алдын алуу боюнча тренинг 2012-жылдын 16-февралында “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” Барскоон айылындагы Регионалдык маалыматтык борборунда Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун жашоочулары үчүн кезектеги тренинг болуп өтөт. Семинардын темасы: “Мал багуучу чарбаны түзүү жана кара малдардын илдеттеринин алдын алуу”.

Бул тема боюнча Ысык-Көл Айыл чарба консультациялык кеңешинин Коомдук фондусунун өкүлдөрү тренерлерден болушууда. Иш чаранын алкактарында катышуучулар кара малды бордоонун өзгөчөлүктөрү жана түрлөрү, тоюттандыруу рациону жөнүндө биле жана ветеринардык препараттарды жана мал өстүрүүнүн стимуляторлорун колдонуу практикасы менен тааныша алышат.

Үй малдарын бордоого жана алардын илдеттерин алдын алууга окутуу Ишкер консультацияларды колдоо программасынын (BAS) жакынкы жарым жылга пландаштырылган семинарларынын бири болуп саналат. Программанын алкактарында адистер жергиликтүү жашоочуларды айыл чарбасы менен алектенүүдөгү ыкмаларга жана жаңылыктарга окутушмакчы. Европа Реконструкция жана Өнүктүрүү банкынын тренингдери “Кумтөр Оперейтинг Компани” менен бирдикте өткөрүлүүдө жана региондун экономикалык потенциалын жакшыртууга жана туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун түзүүгө багытталган.

Алдыдагы семинарлар жөнүндө, ошондой эле аларга катталуу процедуралары жөнүндө “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” Регионалдык окуу борборунун кызматкерлеринен билүүгө болот. ЕРӨБ уюштуруп жаткан тренингдерге катышуу, ошондой эле Борбордун бардык кызматтары калкка акысыз көрсөтүлөт.