Каракол-Барскоон-Каракол каттамы боюнча жүргүнчүлɵрдү ташуу кызматы

Каракол-Барскоон-Каракол каттамы боюнча жүргүнчүлɵрдү ташуу кызматы

Жарыяланган: 03 April 2019

Кабыл алуу жабык
“Кумтөр Голд Компани” Каракол-Барскоон-Каракол каттамы боюнча жүргүнчүлɵрдү ташуу кызматын көрсөтүү боюнча конкурска чакырат.
Талаптар:
• Коопсуздук техникасынын жана жол кыймыл эрежелеринин талаптарына жооп берген, шаар аралык жана узак каттамдарга пайдаланууга жарактуу автотранспорту бар болуу. Сыйымдуулугу: чоң класстан кем эмес автобус (45тен кɵп жүргүнчү орундугу бар), ошондой эле 15 тен жогору орундугу бар микроавтобустун болуусу.
• Негизги автобус/микроавтобус бузулганда, ремонтто же техникалык тейлɵɵдɵ болгон учурда, (аталган талаптарга жооп берген) резервдик транспорт берүү мүмкүнчүлүгү болуу.
• Кызматты кɵрсɵтүү үчүн керектүү квалификациясы, билими жана тажрыйбасы, материалдык ресурстары жана мыйзамдык укуктары бар болуу. Каракол-Барскоон-Каракол каттамы боюнча жүргүнчүлɵрдү ташууга дайындалган айдоочунун стажы 5 (беш) жылдан кем эмес болушу керек. Милдеттүү күнүмдүк рейс алдындагы медициналык кароону ɵткɵндɵн кийин гана автобустун/микроавтобустун айдоочусуна рейске уруксат берүү.

График: Күн сайын саат, алтынчы күндөн бөлөк. Рейстин башталышы Караколдон – 7де, Караколго кайра кайтуу убактысы саат 16:00. Жол жүрүү графигин жана жол кыймыл эрежелерин бекем сактоо зарыл.

Автобустун/микроавтобустун ичинде от ɵчүргүч каражаттарынын болуусу талап, ал эми бир от ɵчүргүч айдоочунун отургучунун жанында орнотулушу керек. Бардык отургучтар бузугу жок коопсуздук куру менен жабдылышы керек. Ички электр жарык берүү системасы жүргүнчүлɵрдүн орундуктарына, тепкичтерге жана баардык чыгыш жерлерге жарык берүүнү камсыздашы керек. Кармагычтар жана туткалар талаптагыдай бекем/бышык болушу керек. Автобуста/микроавтобуста медициналык аптечка болушу керек.
Пландуу тейлɵɵ жана тетиктерди алмаштырууну камтыган техникалык тейлɵɵ чыгымдар, ошондой эле күйүүчү майга кеткен чыгымдар подрядчиктин эсебинен болот.

Кызматтардын баасын Каракол-Барскоон-Каракол каттамы боюнча жасалган бир каттам үчүн автобус жана микроавтобус үчүн бөлөк эсептеп тийиштүү бөлүү (разбивка) менен белгилөө зарыл.

Коммерциялык сунуштарды бекитилген жана «Перевозка пассажиров по маршруту Каракол- Барскоон-Каракол» деп жазылган конвертте, 2019-жылдын 19-апрелине күнү саат 17:00 чейин, Бишкек шаары, Ибраимов көч., 24, «Учкун» ААК имараты, 10-кабат дарегине тапшыруу зарыл.

КГК кабыл алынган коммерциялык сунуштарды (толук же бѳлүктөрүн) кабыл алууга же албоого өзүнүн укугун сактайт. Ошондой эле, талапкерлердин бул конкурска катышуу үчүн кеткен чыгымдарын төлөөгө милдеттенме албагандын бир тараптуу билдирет.