«Жаштар банктары» долбоорлору боюнча консультациялар жүрүүдө

«Жаштар банктары» долбоорлору боюнча консультациялар жүрүүдө

Жарыяланган: 16 July 2013

«Жаштар банктары» долбоорлору боюнча консультациялар жүрүүдө Ысык-Көл областынын социалдык өнүгүүсүнө өз салымын кошууну каалашкан облустун жаш адамдары үчүн 21-июлга чейин Борбордук Азиянын Евразия фондунун (БАЕФ) адистеринин консультациялары жүрмөкчү. 14төн 28 жашка чейинки жаштар «Жаштар банктары» боюнча консультацияларга өз идеялары менен келишип жана Кыргызстан үчүн инновациялык болгон долбоорго катыша алышат.

Областтын шаарларын жана айылдарын өнүктүрүүгө багытталган кыска мөөнөттүү долбоорлорду жүзөгө ашырууга гранттын суммасы 500дөн 1000ге чейин долларды түзөт.

«Жаштар банктары» Ысык-Көл областында жаздын аягында ишке киргизилген. Долбоордун биринчи этабында жаш адамдарды «Жаштар банктары» тармагында иштөө негиздерине окутушту, ошондой эле долбоорлорго билдирмелерди кантип туура берүү жана кароо жөнүндө айтып беришти. Жаштар банктары идеясы буга чейин дүйнөнүн 26 өлкөсүндө ийгиликтүү сыналган. Азыр Ысык-Көл областынын алты калктуу пунктунда: Караколдо, Балыкчыда, Бөкөнбаевде, Тамгада, Түптө жана Кызыл-Сууда жүзөгө ашырылууга талаптанып жаткан долбоорлорго билдирмелерди кабыл алуунун жана кароонун биринчи этабы башталды.

Долбоор «Кумтөр» компаниясынын финансылык колдоосу астында Борбордук Азиядагы Евразия фонду тарабынан жүзөгө ашырылууда.