Бишкекте суу музейи ачылды

Бишкекте суу музейи ачылды

Жарыяланган: 22 April 2015

Бүгүн, 2015-жылдын 22-апрелинде, Бишкекте К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин (КУАУ) базасында суу музейи ачылды. «Кумтɵр» компаниясы музейди түзүүнүн демɵɵрчүлɵрүнүн бири болуп калды.

Музей уникалдыуу экспонаттар, жабдуулар жана интерактивдүү тактайчалар менен толтурулган. Мында химиялык шоуга катышып, суу-саздарда жашаган канаттуулардын үндɵрүн угуп, суунун уникалдуу касиеттерин билип, ал кантип жана кайдан үйгɵ келе турганын түшүнүп жана туура сугарууну үйрɵнүүгɵ болот. Жайдын бир бɵлүгү жер астындагы үӊкүрлɵрдɵй кооздолгон.

Музейди түзүүнүн демилгечиси «Акмена» коомдук бирикмеси 2011-жылы аны кɵтɵргɵн, анын жетекчилиги астында 4 жыл аралыгында инженердик жана декоратордук иштер жүргүзүлдү. 2012-жылдан баштап ЕККУнун Бишкектеги борбору жана БУУƟП/ГЭФтин кичи гранттар программасы колдоо кɵрсɵтүштү. Олуттуу салымды ɵнɵктɵштɵр, анын ичинде мɵӊгүлɵргɵ жана сууну жүгүртүп пайдалануу системаларына арналган тактайчалардагы экспозицияларды жасалгалоого колдоо кɵрсɵткɵн «Кумтɵр» компаниясы да кошту.

«Кумтɵр» компаниясы үчүн Борбор Азиядагы мындай жападан-жалгыз болгон суу музейин түзүү боюнча демилгенин бɵлүгү болуп калуу ɵтɵ жагымдуу. Мен музей мектеп окуучулары жана студенттер – Кыргызстандын болочок лидерлери үчүн кеӊири белгилүү болуп калат деп үмүттɵнɵм, алар суунун курчап турган чɵйрɵ жана коом үчүн маанилүүлүгүн түшүнүүгɵ жана баалоого үйрɵнүшмɵкчү», – деп белгиледи «Кумтɵр Голд Компанинин» экология боюнча директору Бен Феррис ɵз сɵзүндɵ.

Музей борбордун эӊ сонун маданий жана туристтик объектилеринин бири болуп кала тургандыгы күтүлүүдɵ. Азыркы учурда музейде айрым тактайчаларды жасалгалоо боюнча иш аяктоодо. Кеӊири коомчулук үчүн ачылышы июнга пландаштырылууда.