«Кумтөр» кен ишканасында иш таштоо токтотулду

«Кумтөр» кен ишканасында иш таштоо токтотулду

Жарыяланган: 17 February 2012

«Кумтөр» кен ишканасында иш таштоо токтотулду

«Кумтөр Оперейтинг Компани» кен ишканасында иштердин кайра улантылгандыгы жөнүндө билдирет.

Кечээ, 2012-жылдын 16-февралында, компаниянын жетекчилиги кен ишканасынын кызматкерлерине эмгек акысын 4,5%га жогорулатуу жөнүндө сунуш жасады. Иш таштагандардын өкүлдөрү бул сунушту талкуулашып жана кабыл алышты. Иш таштоону токтотуу жөнүндө протоколго кол коюлду.

Азыркы учурда компаниянын бөлүмдөрү штаттык режимде ишке киришүүдө.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасынын айтканына байланыштуу, «Кумтөр Оперейтинг Компани» өз тарабынан компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бекем сактоо менен өлкөнүн Соцфондуна дайыма камсыздандыруу взносторун төлөп келгендигин билдирет. 1995-жылдан 2011-жылга чейинки аралыкта Компания фондго 71,8 миллионго жакын АКШ долларын которгон, анын ичинде: 50,8 миллиону эмгек акы фондусунан жана 20,9 миллиону кызматкерлердин эмгек акыларынан.

“Кумтөр Оперейтинг Компани” дайыма өлкөнүн мыйзамдарын бекем сактоо менен иштеп келгендигин жана иштеп жаткандыгын жана 2011-жылдагы аудитке чейин да Кыргыз Республикасынын Соцфонду өз текшерүүлөрүнүн жыйынтыктары боюнча оң корутундуларды берип келгендигин дагы бир жолу баса белгилейт. Компания өзүнүн позициясын жана ишкер репутациясын сотто тастыктоого даяр.

______________________________________________________________________________________
Кошумча маалымат үчүн ММКлар менен байланыштар бөлүмүнө кайрылыңыздар
Тел.: (312) 90-07-07; 90-08-08; факс: (312) 90-07-28