“Кумтөрдүн” каражаттарынын эсебинен Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолунун реконструкциясы башталды

“Кумтөрдүн” каражаттарынын эсебинен Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолунун реконструкциясы башталды

Жарыяланган: 22 August 2013

The reconstruction of the road-Bokonbaevo Balykchy-Karakol at the expense of KumtorЫсык-Көл областында Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолунун 89-чакырымдан 92-чакырымга чейинки алгачкы 3 чакырымынын реконструкциясы боюнча жол иштери башталды. Жолдун Бөкөнбаев айылынан Тоң айылына чейинки бул участогу ремонтко көбүрөөк муктаж катарында жергиликтүү бийликтердин катышуусу менен тандалып алынган. Бул Ысык-Көлдүн түштүк жээгин бойлой кеткен республикалык маанидеги трассанын жол полотносун калыбына келтирүү боюнча пландын иш чараларынын алгачкыларынын бири.

Тартипке келтириле турган участоктун узундугу 3 км. 300 метр. Жолчулар полотнону гана асфальтташпастан, нөшөр канализациясын да калыбына келтиришет, суу өткөрүүчү түтүктөрдү да коюшат. “Кумтөр” компаниясы бул максатка 1 миллион 900 миң АКШ долларын бөлдү. Ага 4 жол куруучу уюм катышкан тендерди Жалал-Абад областынын Каракөл шаарынан «Империя Групп» ЖЧКсы утуп алды. Натыйжада долбоордун наркы 1 миллион 400 миң доллар, 1 чакырым жолдун өздүк наркы 350 миңдей доллар болду. Бул участокто иштер аяктагандан кийин тендерден үнөмдөлгөн 500 миң доллар да Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолунун ремонту боюнча иштерди улантууга жумшалмакчы.

«Азыркы учурда жол жээгиндеги тилкени тазалоо боюнча иштер жүрүп жатат. Таш майдалоочу жабдуу алып келинип, жыйналды, жакында Кытайдан жаңы асфальт-бетон заводу, жаңы автосамосвалдар, каток жана башка атайын техника келмекчи. Жол-курулуш иштеринде 50дөй жумушчу тартылат, биз азыр жергиликтүү калктан 12 адамды тарттык жана персоналды алуу улантылууда», – деп белгиледи подрядчы фирманын менеджери Мукатбек Ибраимов.
Асфальт-бетон жабуусунун эни 9 метрди түзөт, эки кабат асфальт оор жүк ташуучу техниканын өтүшүнө эсептелген. Жол 15 жыл аралыгында кызмат кылат деп эсептешет адистер. Контракттын шарттары боюнча подрядчик объектини тапшыргандан кийинки алгачкы жылы аткарылган иштердин сапаты боюнча кепилдик милдеттенмесин алат жана кемчиликтер табылган учурда аларды өз эсебинен четтетет. Андан тышкары, аткарылуучу иштердин сапатына көзөмөлдү Кыргызжолтрансдолбоор долбоорлоо-изилдөө институту жүргүзөт, ал консультациялык кызматтарга тендерди утуп алган.

Иштерди 2013-жылдын октябрынын аягына чейин аяктоо пландаштырылууда.