«Кумтөр» компаниясы кызматтарды берүүгө конкурстардын жайынтыктарын жарыялайт

«Кумтөр» компаниясы кызматтарды берүүгө конкурстардын жайынтыктарын жарыялайт

Жарыяланган: 25 March 2013

Компания Кыргыз Республикасынын кызыкдар уюмдарынын арасында «Кумтөр» кен ишканасында иштерди жүргүзүү үчүн кызматтарды жана техниканы берүү укугуна өткөрүлгөн конкурстардын жыйынтыктарын чыгарды.

Белгиленген акы төлөө шарттарында жер-топурак иштерин жүргүзүүгө укукту төмөнкү фирмалар алышты:

1. «Автовнештранс» АКсы – (Балыкчи)
2. «БапаТранс» ЖЧКсы – (Барскоон)
3. «Каркыра» ЖЧКсы – (Каракол)
4. «Крос Инк» ЖЧКсы – (Жети-Өгүз району)
5. «Кыргызалтын» ААКсынын ФАТПсы – (Балыкчы)
6. «Starlight Trans Gold» ЖЧКсы – (Тоң району)

Саатка жараша акы төлөө шарттарында жабдууну ижарага контракттар төмөнкү компаниялар менен түзүлмөкчү:

1. «Ай кол Курулуш» ЖЧКсы – (Тоң району)
2. «Автовнештранс» АКсы – (Балыкчы)
3. «СМК Helper» ЖЧКсы – (Бишкек/Каракол)
4. «Каркыра» ЖЧКсы – (Каракол)
5. «КросИнк» ЖЧКсы – (Жети-Өгүз району)
6. «Кыргызалтын»ААКсынын ФАТПсы – (Балыкчы)

Саатка жараша акы төлөө шарттарында «Кумтөр» кен ишканасында иштерге төмөнкү уюмдардын кызматкерлери тартылмакчы:

1. «СМК Helper» ЖЧКсы – (Бишкек/Каракол)
2. «Каркыра» ЖЧКсы – (Каракол)
3. «КросИнк» ЖЧКсы – (Жети-Өгүз району)
4. «Кыргызалтын»ААКсынын ФАТПсы – (Балыкчы)
5. «Автовнештранс» АКсы – (Балыкчы)

Компания «Кумтөр» кен ишканасында иштөө мүмкүнчүлүгүн подряддык уюмдардын максималдуу мүмкүн болуучу санына берүү үчүн бир нече фирмалар менен контракттарды түзүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Конкурстар жөнүндө кулактандыруулар компаниянын корпоративдүү сайтында: www.kumtor.kg жана «Вечерний Бишкек» газетасында жарыяланган. «Кумтөр» компаниясынын жабдуу бөлүмү тарабынан каралуу үчүн сунуштарды кабыл алуу 2013-жылдын 11-январынан башталган.

Жер-топурак иштерин жүргүзүү боюнча конкурска жалпысынан 19 билдирме; саатка жараша акы төлөө шарттарында жабдууну эксплуатациялоо жана жумушчуларды жалдоо боюнча конкурска – 21 билдирме келип түштү. Жети уюм эки конкурска тең катышуу үчүн өз билдирмелерин беришкен.

«Кумтөр» компаниясы конкурстарга катышкан бардык уюмдарга ыраазычылык билдирет жана жеңүүчүлөрдү куттуктайт. Жеңүүчү фирмалардын тизмеси алардын жазуу түрүндөгү макулдугу менен жарыяланууда.

Конкурстук тандоонун этаптарынын сүрөттөлүшү менен сиздер ушул жерден тааныша аласыздар.