Ысык-Көл облусунда «Ысык-Көл 2016» вакансиялар жарманкеси болуп өттү

Ысык-Көл облусунда «Ысык-Көл 2016» вакансиялар жарманкеси болуп өттү

Жарыяланган: 28 June 2016

45тен ашуун жумуш берүүчү, анын ичинде ишке орноштуруу боюнча агенттик да өткөн дем алышта Чолпон-Ата шаарынын борбордук скверинде өткөн «Ысык-Көл 2016» вакансиялар жарманкесине катышышты. Анда Кыргызстан жана чет өлкөлөрдөгү 1 000ден ашуун вакансия сунушталган.

Иш чара «Кумтөр Голд Компанинин» финансылык колдоосу алдында Борбор Азиядагы Евразия фонду жүзөгө ашырып жаткан «Жаштар ишкердиги» программасынын алкагында болду. КРдин Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаменти, Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарымдуу өкүлчүлүгү, КРдин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишке орноштурууга көмөктөшүү боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы, Кыргызстандын Курорттор ассоциациясы, Эл аралык ишкер кеңеш жана «Жаштар банктары» КФ иш чаранын өнөктөштөрү болушту.

Өз вакансияларын сунушташкан иш берүүчүлөрдүн катарында банктар, уюлдук байланыш операторлору, ошондой эле ири компаниялар болушту. “Биз бул жерге Бишкектен ири иш берүүчүлөрдү алып келгенге аракеттендик. Андан тышкары, Ысык-Көл облусу боюнча пансионаттардан жана эс алуу үйлөрүнөн көптөгөн сезондук вакансиялар да сунушталды. Ошондуктан жаш балдар үчүн бул – татыктуу иш табуунун жана өз таланттарын жана көндүмдөрүн ишке ашыруунун эң сонун мүмкүнчүлүгү”, – деп айтты БАЕФтин аткаруучу директору Динара Мусабекова.

Вакансиялар жарманкесинин жүрүшүндө иш берүүчүлөрдүн презентациялары жана мастер-класстар өттү, аларда бардык каалоочуларга адистер резюме түзгөндү, коштоочу кат жазганды окутушту, ошондой эле интервьюдан ийгиликтүү өтүү боюнча тажрыйба бөлүшүштү.

«Жаштарды колдоо жана алардын потенциалын өнүктүрүү – компаниянын туруктуу өнүктүрүү боюнча стратегиясында маанилүү приоритеттердин бири жана ал кен ишкана жабылган учурда облустун экономикасына таасирди минималдаштырууга багытталган. Вакансиялардын жарманкеси – «Жаштар ишкердиги» долбоорунун компоненттеринин бири, ал биздин ишканадан көз карандысыз чөйрөлөрдө иш орундарын түзүү менен жаштарды убактылуу жана туруктуу ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгүн берет», деп белгиледи «Кумтөр Голд Компанинин» нормативдик базаны сактоо, тобокелчиликтерди башкаруу жана туруктуу өнүктүрүү боюнча вице-президенти Родни Ступарек.