30.11.2020: 9.53 USD карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 737 638 829 USD

«Кумтөр» компаниясы Валерий Андреевич Кузьмиченоктун туугандарына жана жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтуусун билдирет

Жарыяланган: 07 October 2013

The company "Kumtor" expresses its deepest condolences to the families and friends Kuzmichenka Valery A.Эӊ сонун адам жана мыкты адистин, техника илимдеринин кандидатынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун Жаратылыш ресрурстарын математикалык-картографиялык моделдештирүү лабораториясынын башчысынын жүрөгү токтоп калды.

87 илимий иштин автору болгон Валерий Андреевич гляциология тармагында эӊ жогорку деӊгээлдеги адис болгон, ал математикалык-картографиялык моделдештирүүнүн уникалдуу методун колдонуу менен Кыргызстандын бийик тоолуу райондорунун суу-экологиялык абалдарын изилдөөгө зор салым кошкон.

Кузьмиченок В.А. «Кумтөр» кен ишканасын өнүктүрүүгө зор колдоо көрсөткөн. Кенди иштетүү башталгандан бери Валерий Андреевич компаниянын мөӊгүлөрдүн абалын изилдөө боюнча консультанты болуп саналган, анын изилдөөлөрүнө таянуу менен руданы казып алуу жана карьерди өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлгөн.

Валерий Андреевичтин бул дүйнөдөн өтүүсү биздин баарыбыз үчүн орду толгус жоготуу болуп саналат, ал жөнүндө эскерүү көп сандаган досторунун жана коллегаларынын жүрөгүндө түбөлүк жашай бермекчи.

Предыдущая публикация«Бир айыл – бир продукт» ассоциациясынын продукциясы эми «Газпромнефть» МКСтер тармагында жеткиликтүү Следующая публикация«КУМТӨРДҮН» КАРАЖАТТАРЫНЫН ЭСЕБИНЕН БАЛЫКЧЫ – БӨКӨНБАЕВ – КАРАКОЛ АВТОЖОЛУНУН РЕКОНСТРУКЦИЯСЫ УЛАНТЫЛУУДА
30.11.2020: 9.53 карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы USD Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 737 638 829 USD
© 2011-2020 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.