КУМТӨР КЕН ЖАЙЫНДА 2018-ЖЫЛЫ ГЕОЛОГИЯЛЫК ЧАЛГЫНДОО ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮҮ

КУМТӨР КЕН ЖАЙЫНДА 2018-ЖЫЛЫ ГЕОЛОГИЯЛЫК ЧАЛГЫНДОО ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮҮ

Жарыяланган: 27 April 2018

БОШ ОРУН ЖАБЫЛГАН

Кумтөр кен жайында 2018-жылы геологиялык чалгындоо иштерин аткарууга ишканаларды кызматташтыкка чакырат (кызмат көрсөтүү) 

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу (КГК), 2018-жылдын геологиялык чалгындоо программасынын алкагында, тиешелүү шаймандар паркы жана квалификациялуу жумушчулары бар болгон, ошондой эле бургулоо жана тоо-кен иштерин жүргүзүүгө уруксаты бар ишканалардан төмөнкү жумуштарды аткарууга сунуштарын кабыл алууга даяр.

Аткарылуучу жумуштардын түрлөрү:

Аткарылуучу жумуштардын акысын узундук жана кубдук метр үчүн көрсөтүү керек, жана (жумуштардын белгиленген мөөнөттүн ичинде коопсуз жана сапаттуу аткаруусун камсыздоо үчүн) зарыл болгон адистерди жана жумушчуларды ишке тартуусун эске алуу менен:

  • Скважиналарды бургулоо иштери тереңдиги 900 метрге (узун.м) чейин
  • Убактылуу жолдорду куруу жана калыбына келтирүү (куб. м.)
  • Бургулоо аянтчаларын куруу (куб. м.)

Жумуштарды аткаруунун божомол убактысы

  • 2018-жылдын 1-июнунан тартып 31-декабрга чейин.

Бардык негизги жана кошумча жумуштардын аткаруусун ортомчу уюм камсыздайт жана өзүнүн  шаймандарынын мобилизациялануусун/демобилизациялануусун, аны оӊдоо иштерин, кызматкерлерин ташуу, жумуш участкаларында турмуш-тиричилик шарттарын уюштуруусун кошо камсыздайт. КГК ортомчу уюмдун автотранспортун жана шаймандарын күйүүчү май менен камсыздайт.

Толук маалымат техникалык тапшырмада

Талапкерлер коммерциялык сунуш менен аталган иштерди аткарууга укугун тастыктаган уюштуруу жана башка юридикалык документтерди кошо тапшырышы жана жумуштардын  акысын узундук жана кубдук метр үчүн сунуштоосу керек.

Жумуш акылары бардык тиешелүү салык менен башка төлөмдөрдү чогуу камтышы керек.

КГК талапкердин базасына шаймандарды жана тиричилик-чарба объектилерин көрүп чыгуу үчүн барууга укуктуу.

Коммерциялык сунуштарды бекитилген жана «Геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча коммерциялык сунуш» деп жазылган конвертте 2018-ж. 18-май күнү саат 17:00 чейин, Бишкек шаары, Ибраимов көч., 24, «Учкун» ААК имараты, 10-кабат дарегине тапшыруу зарыл.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу кабыл алынган коммерциялык сунуштарды (толук же бѳлүктөрүн) кабыл алууга же албоого өзүнүн укугун сактайт. Ошондой эле, талапкерлердин бул конкурска катышуу үчүн кеткен чыгымдарын төлөөгө милдеттенме албагандын бир тараптуу билдирет.

Техникалык тапшырманы көчүрүп алуу