«Кумтөр» бардык кызыккан уюмдарды жеңил автоунаа, микроавтобус жана автобус түрүндөгү такси кызматтарын сунуштоо конкурсунда катышууга чакырат

«Кумтөр» бардык кызыккан уюмдарды жеңил автоунаа, микроавтобус жана автобус түрүндөгү такси кызматтарын сунуштоо конкурсунда катышууга чакырат

Жарыяланган: 02 May 2014

ТЕНДЕР ЖАБЫК

Бардык талапкерлер тандоо процедурасына өз каражаттарын колдонуп катышат жана ушул процедуранын шарртарына макул болушат. Талапкерлердин чыгымдарын төлөп берүү боюнча талаптар кабыл алынбайт.

Конкурстун шарртары жөнүндө жалпы маалымат:


Бардык талапкерлер төмөндө белгиленген документтерди камсыздап бериши керек. Белгиленген мөөнөткө чейин талап кылынган документтерди толугу менен бербөө жана кошумча талап кылынган документтерди бербөө талапкердин конкурстан четтелишине алып барышы мүмкүн.
Болгон суроолорго жоопторду жана түшүндүрүүлөрдү алуу үчүн кызыккан тараптар КГКнын Сатып алуу бөлүмүнө электрондук почта аркылуу кайрылса болот: Kumtor_localbuyer@kumtor.com
Конкурска катышуу үчүн заявкалар А-4 форматындагы жабык конверттерде «Тандоо комиссиясынын төрагасына» деген жазуу менен Бишкек ш., Ибраимов көч. 24, «Учкун» АКнун имаратынын 14-кабатында тапшырылышы керек. Заявкалар 2014-ж. 16-майда саат 17:00-чейин кабыл алынат. Белгиленген мөөнөттөн кийин же электрондук почта аркылуу тапшырылган заявкалар кабыл алынбайт.

Эң ылайыктуу коммерциялык сунуштарды камтыган жана белгиленген критерийлерге туура келген заявкалар гана каралып, тандалган талапкерлерге гана КГК тарабынан билдирме жөнөтүлөт.

Конкурстун баяндамасы:


«Кумтөр Голд Компани» ЖАКнан келип түшкөн заявкалар боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу.
Келишимдин мөөнөтү: 2014- ж. 31-декабрына чейин. Келишимдин мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү бар.

Заявкалардын мүнөзүнө коюлган минималдык талаптар:


– Юстиция министрлигинде каттоо күбөлүгүнүн, уюмдаштыруу документтеринин, салык төлөчүүнүн карточкасынын, жана салык төлөчүү каттоо баракчасынын көчүрмөлөрү;
– Жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтарына тиешелүү бардык болгон лицензия жана уруксаттардын көчүрмөлөрү;
– Акыркы 2 жыл ичинде талапкер катышкан чоң тендерлер же иш аракеттери жөнүндө кыскача маалымат;
– Штаттык түзүм жана келишим негизинде иштеген жумушчулар жөнүндө маалымат (жетекчилердин жана иштеген кызматкерлердин тизмеси, кошумча жумушчулардын булагы);
– Төлөмдөр камсыздалган кызматтардын көлөмү негизинде ай сайын эсепке которуу түрүндө жасалат;
– Бардык чыгым түрлөрүн (салык жана чыгаруулар, транспорртук чыгымдар, амортизация жана унааларды тейлөө, күйүчү материалдар, айлык акылар + кошумча төлөм жана сыйлыктар, убактылуу ишке жараксыздык төлөмү, кошумча чыгымдар, пайда, ж.б.) эсепке алган бекитилген баа сунушу;
– Заявкалырды так каттоо, заказдарды күндүн убакытына жана форс-мажордук жагдайларга карабастан аткаруу кепилдиги;
– Автоунаалардын жакшы техникалык абалы, унаанын дагы айдоочунун дагы таза болушу, кынтыксыз иштеген коопсуздук кайыштардын, рациянын, өрт өчүргүчтөрдүн жана медициналык аптечканын болуусу абзел;
– Айдоочулардын мамилечил жана ак-ниеттүү болуп, англис тилин баштапкы дэңгээлде билүүсү абзел.

Талапкерлер жумуштарды жогорку сапат менен жана натыйжалуу түрдө аткаруу үчүн керектүү болгон башка шарттарды дагы сунуштоого укуктуу.

КГКнын милдеттенмелери:


Заказдын датасын жана саатын убагында макулдашуу.
Кызматтар үчүн убагында төлөп берүү.