“КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ” ЖАК (КГК) КУМТӨР КЕНИНИН АЛТЫН ЫЛГОО КАЛДЫКТАРЫН КАЙРА ИШТЕТҮҮ БОЮНЧА ДОЛБООРУН ИШКЕ АШЫРУУ ҮЧҮН КЫЗЫКДАР УЮМДАРДЫ КЫЗМАТТАШУУГА ЧАКЫРАТ

“КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ” ЖАК (КГК) КУМТӨР КЕНИНИН АЛТЫН ЫЛГОО КАЛДЫКТАРЫН КАЙРА ИШТЕТҮҮ БОЮНЧА ДОЛБООРУН ИШКЕ АШЫРУУ ҮЧҮН КЫЗЫКДАР УЮМДАРДЫ КЫЗМАТТАШУУГА ЧАКЫРАТ

Жарыяланган: 24 November 2022

Кумтөр кенин иштетүү учурунда келип чыккан ылгоо калдыктарын кайра иштетүү жана экологиялык реабилитациялоо максатында, КГК заманбап технологияларды колдонуу жана өнөр жай коопсуздугу, экология жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды аткаруу менен, “Кумтөр кенинин алтын ылгоо калдыктарын кайра иштетүү долбоорун” (мындан ары “Долбоор”) баштоодо.

Долбоор консультативдик кызматтарды тартууну, ылгоо калдыктарын кайра иштетүүнүн оптималдуу технологиясын издөө жана иштеп чыгууну, техникалык-экономикалык негиздеме менен тийиштүү долбоорлорду иштеп чыгууну жана аларды бекитүүнү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экспертизаларды жана макулдашууларды алууну, Кумтөр кенинин алтын ылгоо калдыктарын кайра иштетүү боюнча комплексин курууну жана ишке киргизүүнү камтыйт.

Сунуштарды кат түрүндө Kumtor.Info@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек жана каттын темасына “Кумтөр кенинин алтын ылгоо калдыктарын кайра иштетүү долбоору” деп жазып жөнөтүү керек. Арыздарды кабыл алуу Бишкек убактысы боюнча 2022-жылдын 25-декабрынын саат 24:00 чейин (UTC +6) жүргүзvлөт.

КГК келип түшкөн ар кандай сунуштарды (толугу менен же жарым-жартылай) кабыл алуу же четке кагуу укугун өзүнө калтырат, ошондой эле ушул чакыруу боюнча арыз ээлеринин тарткан чыгымдары үчүн жоопкерчилик тартпай турганын ачык билдирет.