ЖАБДУУ БОЮНЧА АДИС

ЖАБДУУ БОЮНЧА АДИС

Жарыяланган: 18 July 2022

Жабык

«Кумтɵр Голд Компани» ЖАК

тɵмɵнкү бош кызмат орду жɵнүндɵ жарыялайт

Жабдуу боюнча адис (Бишкек кеӊсеси)

Билдирүүнүн номери: KGC-22-204 

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • Компаниянын өндүрүштүк ишмердүүлүгү үчүн сатылып алынган товарлардын рыногун жана баасын талдоо;
  • Жеткирүүчүлөрдү издөө, жеткирүүчүлөрдүн сунуштарын изилдөө, чыгымдарды оптималдаштырууга жана/же өндүрүмдүүлүктүн сапатын жогорулатууга жардам берген негиздүү сунуштарды даярдоо;
  • Сатып алууларды жана керектөөнү талдоо;
  • Келип түшкөн тапшырык заявкаларын талдоо жана иштеп чыгуу;
  • Сатып алууга тапшырыктарды даярдоо, жайгаштыруу, экспедициялоо;
  • Кооптуу жүктөрдү ташуу режимдерин колдонуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен жеткирүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, жеткирүү шарттарын макулдашуу;
  • Техникалык талаптарга ылайык, тапшырыктардын өз убагында аткарылышын көзөмөлдөө, жеткирүүчүлөргө тапшырыктарды даярдоо;
  • Бүтүмдөрдү документтештирүү;
  • Келишимдерди, тапшырык заявкаларын жана башка документтерди даярдоо, сүйлɵшүүлɵрдү жүргүзүү, ошондой эле документтерди архивдөө.

МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР: 

  • Жогорку билим;
  • Сатып алуу, логистика тармагында 3 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
  • Компьютерде иштей билүү (MS Office пакети), Excel программасын мыкты билүү;
  • Бизнес системалары менен иштөө тажрыйбасы болуу;
  • Жогорку аналитикалык көндүмдөр, көп тапшырма режиминде чоң көлөмдөгү маалымат менен иштөө жөндөмдүүлүгү;
  • Мыкты команда менен иштөө жана коммуникация түзүү көндүмдөрү, ишине так болуу, тырышчаак, стресске туруктуу болуу;
  • Англис тилин Intermediate деӊгээлинен төмөн эмес билүү (артыкчылыкка ээ).

Анкета жана резюмени 2022-жыл 29-июль саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: KGC-22-204.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭӉ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.