КҮЙҮҮЧҮ-МАЙЛООЧУ МАТЕРИАЛДАР КАМПАСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ

КҮЙҮҮЧҮ-МАЙЛООЧУ МАТЕРИАЛДАР КАМПАСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ

Жарыяланган: 15 June 2022

Жабык

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Күйүүчү-майлоочу материалдар кампасынын жетекчиси (Балыкчы ш.)

Билдирүүнүн номери: KGC-22-184 

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ: 

  • Белгиленген тартипте чогулуштарды жана коопсуздук боюнча инструктаждарды өткөрүү;
  • Кызматтык нускамаларда көрсөтүлгөн ченемдердин жана эрежелердин сакталышы үчүн жоопкерчилик тартуу;
  • Мунайгаз базасынын аймагынын тазалыгына жана анын коопсуз иштешине жоопкерчилик тартуу;
  • ӨН №10–04 нускамасынын эрежелерине ылайык безновозторду жүктөө, түшүрүү, темир жол цистерналарынан күйүүчү майды төгүү иштерин башкаруу;
  • Мунайгаз базасында, заправкада, жана ошондой эле ижарага алынган мунайгаз базаларында күйүүчү май жүктөрүн кабыл алууну жана берүүнү көзөмөлдөө;
  • Жүк ташуу документтерин берүү жана бардык керектүү маалыматтарды Өткөөл базанын жетекчисине берүү;
  • Келүүчү күйүүчү май жүктөрү үчүн бардык документтерди кабыл алуу жана бекитүү;
  • Кызматтады контролдоо үчүн башка компаниялар менен байланыш түзүү;
  • Физикалык баланс, негизги жабдууларды текшерүү жана оңдоо журналдарын талаптарга, эрежелерге ылайык жүргүзүү;
  • Кабыл алынган жана берилген күйүүчү майдын сапатын контролдоо, резервуарлардагы, ижарага алынган резервуарлардагы жана заправкалардагы цистерналардагы күйүүчү майдын калдыктарын өлчөө.

МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР: 

  • Жогорку билим;
  • Профили боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болуу;
  • Стационардык, контейнердик жана көчмө май куюучу станцияларды эксплуатациялоо боюнча коопсуздук эрежелерине ылайык келген квалификациялардын болушу (Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу министрлигинин 2000-жылдын 10-апрелиндеги № 3/1 буйругу менен бекитилген);
  • Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген жана бекитилген мамлекеттер аралык ГОСТторго ылайык мунайзаттарды кабыл алуу, сактоо, эсепке алуу жана берүү эрежелерин билүү;
  • Кыргыз Республикасынын аймагындагы мунайзаттарды контролдоо жана эсепке алуу боюнча Кыргыз Республикасынын эрежелерин, ченемдерин жана ченемдик актыларын билүү.

Анкета жана резюмени 2022-жыл 29-июнь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf).

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: KGC-22-184.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.