«Кумтөр» ишканасынын кызматкерлери балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары арасында стол тенниси боюнча Жазгы турнир өткөрүүдө жардам көрсөтүштү

«Кумтөр» ишканасынын кызматкерлери балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары арасында стол тенниси боюнча Жазгы турнир өткөрүүдө жардам көрсөтүштү

Жарыяланган: 28 March 2018

2018-жылдын 21-22-мартында Бишкек шаарында «Кумтөрдүн Ыктыярчылары» берген жардамы менен Кыргыз Республикасынын балдар үйлөрү, интернаттары жана адистештирилген балдар борборлорунун тарбияланачуулары арасында стол тенниси боюнча Балдар Лигасынын Жазгы турнири өттү. Мелдешти Кыргыз республикасынын стол теннисинин Ассоциация жардамы менен «Жаңы мүмкүнчүлүк» Коомдук Кайрымдуулук Фонду уюштурду.

Эске салсак, 2017-жылдын майында биздин кесиптеш Кожегулов Куваныч «Кумтөр Голд Компани» кызматкерлери арасындагы санаалаштары менен Кыргызстан балдар үйлөрүндө балдар спортун өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке киргизген. Так ошондо стол тенниси боюнча, Кыргызстанда спорттун бул түрүн пропагандалоо, өнүктүрүү жана жайылтуу, инсанда дене тарбия жана спорттун ар тараптуу жана гармониялык өнүгүүсүнүн ролун жогорулатуу, өсүп келе жаткан муундун саламаттыгын бекемдөө, окуучуларды дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартуу максатында туруктуу иштөөчү Балдар лигасын жаратуу жөнүндөгү  идея сунушталган. Стол тенниси боюнча Балдар лигасынын алкагында, Кыргыз Республикасынын балдар үйлөрүндөгү тарбиялануучулардын арасында жыл сайын мектептик тыныгуу учурунда Күзгү жана Жазгы эки турнир өткөрүп туруу чечилген. Бул демилгени Кыргызстандын стол тенниси боюнча Ассоциациясы колдоду.

Бул жылы турнирге төмөнкү балдар үйлөрү, интернаттар жана адистештирилген борборлордон 7 команда катышты:
1. Жетим балдар жана ата-эненин камкордугунан калган балдар үчүн Военно-Антоновка балдар үйү (Чүй өрөөнү).
2. Жетим балдар үчүн Панфилов мектеп-интернаты ( Чуй өрөөнү).
3. Жетим балдар жана ата-эненин камкордугунан калган балдар үчүн Чүй мектеп-интернаты ( Чүй өрөөнү).
4. Кеч дүлөйлөр менен угуусу начар балдар үчүн Республикалык жалпы билим берүү мектеп интернаты (Бишкек шаары).
5. Бишкек шаардык Мэриясы алдындагы кароосуз калган балдарды калыптандыруу борбору.
6. Т.Молдо атындагы №71 орто жалпы билим берүү мектеп-интернаты (Бишкек шаары).
7. КРдагы дүлөй балдар үчүн адистештирилген жалпы билим берүү мектеп-интернаты (Бишкек шаары).

Мелдеште кыздар жана эркектер арасында эки курактык категорияда – 7-11 жана 12-17 жаштар, командалык зачётте жана жалгыздык разряддарда кубоктор ойнотулду. Жеңүүчүлөр менен сыйлануучулар кубкалар, медалдар жана мактоо баракчалары менен сыйланып, демөөрчүлөрдөн баалуу белектерди алышты.