ПОДРЯДДЫК ИШКАНАЛАРДЫН ФИНАНСЫЛЫК-ЧАРБАЛЫК ИШМЕРДИГИ БОЮНЧА АНАЛИТИК-АДИСИ (БИШКЕК КЕҢСЕСИ)

ПОДРЯДДЫК ИШКАНАЛАРДЫН ФИНАНСЫЛЫК-ЧАРБАЛЫК ИШМЕРДИГИ БОЮНЧА АНАЛИТИК-АДИСИ (БИШКЕК КЕҢСЕСИ)

Жарыяланган: 19 December 2022

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Подряддык ишканалардын финансылык-чарбалык ишмердиги боюнча аналитик-адиси (Бишкек кеңсеси) 

Бөлүм: Подряддык ишканалар менен иштөө бөлүмү

Билдирүүнүн номери: КГК -22-281

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • Тийиштүү чыгаша борборлору боюнча чыгашаларды, четтөөлөрдү, бюджеттик жана болжолдуу көрсөткүчтөрдүн сакталышын талдоо;
  • Кызмат көрсөтүүлөрдү бюджеттөө жана болжолдоо;
  • Жылдык бюджеттин долбоорлорун, кварталдык болжолдорду жана башка отчетторду түзүүгө көмөк көрсөтүү;
  • Нормативдерди иштеп чыгуу, сметаларды жана эсептөөлөрдү текшерүү, эмгек акынын ведомостторун жана табельдерди салыштыруу;
  • Жаңы эсеп регистрлерин, чыгымдарды, активдерди жана өз ара милдеттенмелерди контролдоо боюнча реестрлерди иштеп чыгууга катышуу;
  • Жогорку натыйжаларга жетүү жана долбоорлорду ишке ашыруу үчүн процесстерди оптималдаштыруу жана автоматташтыруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу;
  • Белгиленген көрсөткүчтөргө жетишүүгө тоскоол болгон көйгөйлөрдү аныктоо үчүн финансылык-экономикалык жана фактордук анализдерди жүргүзүү;
  • Кирешелүүлүгүн жана натыйжалуулугун талдоо;
  • Подряддык ишканалардын чыгымдары боюнча отчетторду түзүү;
  • Салыштырмалуу анализдер, сценарийлерди талдоо;
  • Статистикалык отчетторду жүргүзүү;
  • Контрагенттердин финансылык милдеттенмелери боюнча доо иштерине катышуу;
  • Аткарылган иштердин актыларын, ведомостторду/табелдерди, эсептөөлөрдү, жыйымдарды, компенсацияларды, ордун толтурууларды текшерүү жана иштеп чыгуу;
  • Ишкананын ишинин финансылык аспектилери боюнча, ошондой эле кызматтык милдеттерге кирген башка милдеттер боюнча консультация берүү жана сунуштарды берүү.

МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:

  • Жогорку финансылык жана экономикалык билими;
  • Сертификаттардын болушу талап кылынат;
  • Кызматтардын учету чөйрөсүндө 5 жылдан кем эмес билими жана тажрыйбасы;
  • Долбоорлорду башкаруу процесстерин, сметалык расчеттор жана нормативдерди билүү жана колдонуу тажрыйбасы;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде, бирок алар менен чектелбестен, салык жана эмгек мыйзамдарыен, экономиканын, менеджменттин, финансы жана бухгалтердик эсептин негиздерин билүү;
  • Аналитикалык жана критикалык ой жүгүртүү, команда куруу, стресске туруктуу, баарлашуу жана сүйлөшүү көндүмдөрү;
  • Кыргыз, орус тилдерин билүү (англис тилин билүү кубатталат), MS Office пакети (Word, Excel, Teams);
  • Расмий жана мамлекеттик тилдерде кат жазышуу көндүмдөрү;
  • Аналитикалык жана статистикалык маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн атайын программалык камсыздоону, компьютердик жабдууларды, жумушта колдонулган коммуникация жана байланыш каражаттарын билүү.

Анкета жана резюмени 2022-жыл 25-декабрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf)

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: KGC-22-281

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.